Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Райондор аралык спорттук мелдештер

2022-жылдын 5-июнунда Алай районундагы №22 С.Төрөшев атындагы орто мектебинде Алай районундагы мектеп директорлорунун (агайлар) демилгеси менен билим берүү кызматкерлеринин Алай райондук профсоюз комитетинин колдоосунда Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжа районунун мектеп директорлорунун ортосунда волейбол, шахмат, стол тенниси боюнча жолдоштук мелдеш болуп өттү.

Жолдоштук мелдешке билим, илим кызматкерлеринин Ош областтык профсоюз комитетинин төрагасы С.А.Тойгонбаев катышып, волейбол топторун, шахмат доскаларын, алдыңкы мектеп директорлоруна, социалдык өнөктөштөргө Ардак грамоталарды жана баалуу белектерди тапшырды.

Жолдоштук спорттук мелдештер эс алуу иш-чаралары, концерттик программалар менен коштолуп, 3 райондун райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылары (Б.Таиров, П.Бактыбаев, А.Абдыкадыров) профсоюз комитетинин төрагалары катышышты. Жеңүүчүлөргө райондук профсоюз комитети тарабынан сыйлыктар берилип колдоолор көрсөтүлдү.

 

Маалыматты даярдаган: Алай райондук профсоюз комитети