Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Профсоюз- ишенимдүү тирегебиз!” темасында профсоюздук иш-чара

Ноокен районунда 2015-жылдын 6-ноябры  күнү №10 К.Абдыразаков  атындагы  орто  мектебинин  базасында “Профсоюз- ишенимдүү  тирегебиз!” темасында  профсоюздук райондук иш-чара  өткөрүлүп, Билим, илим  профсоюзунун  Жалал-Абад облустук  комитетинин  бөлүм  башчысы  А.Т.Бегматов, РайКБКнын  төрагасы  К.К.Нышанов, Сакалды  айыл өкмөтүнун  башчысы М.Ж. Султанов, райБББнун  адистери, арадагерлер, мектептептердин, бакчалардын,  мекемелердин баштапкы  профсоюздук  уюмдардын төрагалары 110 адам  катышты.                                                                                                       

           Иш-чара профсюздук кызматкерлердин  кесиптик  майрамына  карата  балдардын куттуктоосу  менен  башталды. 

             “Профсоюз- ишенимдүү  тирегебиз!” темасында видио  тасма көрөсөтүлүп, билим, илим профсоюзнун ишмердүүлугү боюнча  социалдык өнөктөштөрдүн, райондук  жетекчилердин, профсоюздук  лидерлердин ой-пикирлери, сунуштары,  майрамдык  куттуктоолору берилди.

            Райондук  комитеттин 2015-жылдын 9-айында аткарган  иштери жөнүндөгү слайд  менен  маалыматтар  берилди. “Мыкты профсоюздук  уюм  жана  төрагасы-2015” кароосунун райондук  турунун  жыйынтыктары чыгарылып, жеңүүчүсү -№16 Турусбеков  атындагы  орто  мектебинин  профсоюздук  уюмунун  иш  тажрыйбасын   чагылтырган видио  тасма көрсөтүлдү.

             Профсоюздук лидерлер майрамга  карата  республикалык, облустук, райондук  сыйлыктар  менен сыйланышты. Жаш  адистерге  жаңы  үлгүдөгү профсоюздук билеттер салтанаттүү түрдө тапшырылды.

           Профсоюздук  активисттер жана  жаш  адистер  каалоолорун  жана ыраазычылыктарын билдиришти.

Даярдаган: Билим, илим профсоюзунун  Ноокен райондук комитетинин  укук  жана  эмгекти  коргоо боюнча тескөөчүсү-А. Айдаров.