Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профкомдун бөлмөсү ачылды

Ысык-Көл. Ак-Суу. Райондогу Киров атындагы гимназия мектебинде учурдун талабына төп келген профсоюздук бөлмөнү уюштуруу боюнча демилге көтөрүлүп, маселе мектеп администрациясы тарабынан колдоого алынган болучу. Буга чейин склад катары пайдаланып келинген бир бөлмө бөлүнүп берилгенден кийин профсоюз мүчөлөрү анны өз күчтөрү менен ремонттон өткөрүп, жасалгалоо иштерин колдоруна алышты.

 Райондук профсоюз комитети 18 миң сом акча каражатын бөлүп берип, жакындан жардам көрсөтүп турду. Натыйжада сапаттуу жасалган, мугалимдер үчүн пайдалуу болгон профсоюздук бөлмө иштей баштады. Эми сабактар арасындагы дем алыш учурунда мугалимдер бул бөлмөгө келип чай ичишип, газета-журналдар менен таанышууга мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Профсоюз жөнүндө, баштапкы уюмдун жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маалыматтар камтылып чыгарылган стенддер менен тааныша алышат. Профсоюздук уюм болсо өздөрүнүн бардык иш-чараларын ушул бөлмөдө өткөрө башташты.

Мектептин профкому Кайрат уулу Төлөнбек тарабынан жасалып жаткан бул аракеттер албетте мактоого татырлык. Ал эми мектеп администрациясы менен райондук профсоюз комитети билим кызматкерлеринин иштөөсүнө тиешелүү шарттарды түзүү боюнча биргеликте иш алып барушууда.