Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Президиум профсоюза в г. Джалал-Абад

Катышкандар:

 Обкомдун президиумунун мүчөлөрү:


 

1.     К.Мурзакматов - төрага
2.     А.Бегматов- катчы
3.     А.Айдаров – мүчө
4.     А.Исмаилов – мүчө
5.     А.Каракозуева – мүчө
6.     А.Бабакулов – мүчө
7.     К.Болотбаев – мүчө
8.     А.Токтосунов – мүчө
9.     З.Тургунбаева - мүчө
10.Бардык райшааркомдордун төрагалары

 

Чакырылгандар:

 

  1. А.Ахмедалиев – облсовпрофдун төрагасынын орун басары
  2. Э.Бөрүбаев –  КРнын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу  өкүлчүлүгүнүн социалдык бөлүмүнүн башкы адиси
  3. К.Мамытова – Жалал-Абад шаарындагы №5 Б.Осмонов атындагы орто мектептин директору
  4. М.Абдувалиева – Ноокен районундагы №6 балдар бакчасынын директору
  5. Н.Уразова – Ала-Бука районундагы «Кара-Үңкүр» орто мектебинин директору
  6. С.Көкөева Кара-Көл шаарындагы №1- орто мектебинин директору
  7. С.Камчыбеков- Аксы районундагы Мешков атындагы орто мектебинин директору
  8. О.Солпуев –Токтогул райондук финансы бөлүмүнүн башчысы
  9. Жалал-Абад мамлекеттик телерадио компаниясынын журналисттери.

 Президиумдун ишин төрага  К.Мурзакматов ачып, күн тартибин сунуш кылды.

 

Төмөндөгүдөй күн тартиби бекитилди:

 

  1. «2012-жылдын жыйынтыктары жөнүндө. «Республикалык 2012-жылдын мыкты өнөктөшү» кароо-сынагынын облустук жыйынтыктары жөнүндө. Сыйлоо материалдары.
  2. Обкомдон жөнөтүлгөн түрдүү документтердин райшааркомдор тарабынан аткарылышы жөнүндө
  3. Обкомдун 2013-жылга  иш планын бекитүү.
  4. Обкомдун 2012-жыл үчүн проф бюджетинин аткарылышы жана 2013-үчүн обкомдун сметасын бекитүү жөнүндө.
  5. 2013-2015-жылдарга КРнын өкмөтү Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын жана жумуш берүүчүлөрдүн Республикалык бирикмелеринин ортосундагы макулдашуунун шарттарын аткаруу жөнүндө.
  6. Профсоюздук кызматкердин этикасынын  кодексин профсоюз уюмдарында жетекчиликке алууну ишке ашыруу жөнүндө
  7. 2013-жылы райшааркомдордо отчеттук кайра-шайлоо конференцияларын өткөрүү жөнүндө.
  8. Ардак наамдарга сунуштоо жөнүндө.
  9. Түрдүү маселелер

 

Президиум күн тартибиндеги биринчи маселени карады. Бул боюнча сөз обкомдун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы А.Бегматовго берилди. Ал Республикалык кароо-сынактын облустук турунун жыйынтыгы менен тааныштырды. Бул маселе боюнча талкуу болгон жок. Токтом менен К.Мурзакматов тааныштырды. Сыйлоо иштери жүргүзүлдү. Дипломдор, акчалай сыйлыктар тапшырылды.

(токтом тиркелет)

 

Күн тартибиндеги экинчи маселе боюнча сөз А.Бегматовго берилди. Ал обкомдон жөнөтүлгөн корреспенденциялардын райшааркомдор тарабынан аткарылышы боюнча маалыматты берди. Маалымат талкуусуз кабыл алынды.

(токтом тиркелет)

3-маселе боюнча 2013-жылга обкомдун иш планынын долбоорун төрага К.Мурзакматов билдирүү жасады. Долбоор бардык райшааркомдорго жеткирилди. Токтом кабыл алынды.

(токтом тиркелет)

 

4-маселе боюнча обкомдун төрагасы К.Мурзакматов маалымат берди. Токтом бекитилди.

(токтом тиркелет)

 

5-маселе 2013-2015-жылга түзүлгөн үч тараптуу макулдашуунун шарттары жөнүндөгү облсовпрофдун төрагасынын орун басары А.Ахмадалиев билдирүү жасады. Токтом окулуп, кабыл алынды.

(токтом тиркелет)

6-маселе: Профсоюздук кызматкердин этикасынын кодексин билим берүү уюмдарында жетекчиликке алуу боюнча А.Бегматов билдирүү жасады.

(токтом тиркелет)

7-маселе: 2013-жылы полномочилери аяктаган райшааркомдордо отчеттук- кайра шайлоо конференцияларын өткөрүү боюнча А.Бегматов билдирүү жасады. Анда Токтогул, Таш-Көмүр, Аксы, Тогуз-Торо райшааркомдорунда конференция өткөрүүнүн так графиктери белгиленди

    (токтом тиркелет)

 

8-маселе боюнча К.Мурзакматов билдирүү жасады. 2013-жылда сыйлануучулардын тизмеси такталып токтом кабыл алынды.

    (токтом тиркелет)

9-маселе: Түрдүү маселе.

  1. Профсоюз органдарындагы модерниза ция маселеси боюнча А.Ахмадалиев түшүндүрмө берди.
  2. КР өкмөтүнүн №700 9.10.2012-ж. токтомунун мазмуну менен А.Бегматов тааныштырды.
  3. БКнын 01-5/183  от 26.12.12 каты боюнча А.Бегматов билдирүү жасады.

Анда 2013-жылдын бюджетин түзүүдө айыл округдары, жергиликтүү бийлик органдары менен байланышты бекемдөө жөнүндөгү маселе болду.

  1. Райшааркомдордун иш-пландарынын көчүрмөлөрүн чогултуу, анализдөө боюнча сөз болду.
  2. Жолдомолордун алынышына негиз болуучу документтер жөнүндө сөз болду.

Ушуну менен обкомдун 1- президиуму өз ишин аяктады.

 

 

 

 

 

Обкомдун төрагасы:                     К.Мурзакматов

 

 

 

 

Сыйлангандар

 

1-даражадагы диплом жана 5000 (беш миң) сом менен:

  1. К.Мамытова- Жалал-Абад шаарындагы №5 орто мектептин директору- өнөктөш
  2. М.Абдувалиева- Ноокен районундагы №6 балдар бакчасынын директору

2- даражадагы диплом жана 4000 (төрт миң) сом менен:

  1. Г.Көкөева- Кара-Көл шаарындагы №1 орто мектептин директору
  2. Н.Уразова- Ала-Бука районундагы Кара-Үңкүр орто мектебинин директору

3-даражадагы диплом жана 3000 (үч миң) сом менен:

 

  1. С.Камчыбеков- Аксы районундагы Мешков атындагы орто  мектептин директору
  2. О.Солпуев-Токтогул районундагы финансы бөлүмүнүн башчысы

«Алкыш» жана 2000 (эки миң) сом акчалай

сыйланган казыначылар:

  1. Дүйшөбаева Б - Базар-Коргон райокому
  2. Алимбекова З - Ноокен райкому
  3. Сулпукарова Д -  Токтогул райкому
  4. Алиева А - Жалал-Абад шааркому
  5. Галиева Зоя - Таш-Көмүр шааркому

БКнын «Билим жана илим профсоюзунун отличниги»

төш белгиси менен:

 

  1. Асанкожоева Дамира- Сузак районундагы «Алтынбалык» балдар бакчасынын директору
  2. Чанаков Кубанычбек- Сузак районундагы Чанаков мектебинин мугалими
  3. Маматов Алтынбек- КПФсоветинин Ардак грамотасы менен
  4. Дурусалиев Жакыпбай- Ыктыярдуу физкультура жана спорт советинин Ардак грамотасы менен

 

 

         Обкомдун төрагасы:                     К.Мурзакматов