Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Президиум жыйыны өткөрүлдү

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитетинин президиуму 2022-жылдын 19-январында онлайн режиминде өткөрдү. Онлайн президиумга райондук, шаардык профсоюз комитеттеринин төрагалары жана президиумдун мүчөлөрү катышты. Президиумда төмөнкүдөй маселелер каралды:

  1. 2021-жылда аткарылган иштердин жыйынтыктары жөнүндө.
  2. Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитетинин 2022-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө.
  3. Кароо-сынактардын жыйынтыгы жөнүндө.
  4. Ар түрдүү маселелер.

Жогорудагы маселелер боюнча президиумдун катышуучуларынын макулдугу менен тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

 

Маалыматты даярдаган: Баткен областтык КБКнын адиси Гапарали уулу Мансур