Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Пленум болуп өттү

Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин  3-пленуму болуп өттү.

Пленумга Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад  областтык комитетинин төрагасы М.Примкулов, уюштуруу бөлүмүнүн башчысы А.Бегматов, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Олжобаев, социалдык өнөктөштөр, райондук кесиптик бирликтин пленум мүчөлөрү, текшерүү комиссиясынын  мүчөлөрү  жана ардагер мугалимдер  катышты.

Ноокен райондук кесиптик бирликтин төрагасы К.Нышанов пленумду ачып, катышуучуларды 28-апрель – Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнү менен куттуктады.    

Пленумдун жүрүшүндө кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн социалдык-экономикалык маселелеринин чечилишиндеги Ноокен райондук кесиптик бирликтин жана социалдык өнөктөштөрдүн биргелешкен иш аракетери менен 2023-жылда аткарылган иштер жөнүндө төрага К. Нышановдун маалыматы угулду. Андан кийин райондук кесиптик бирликтин туруктуу комиссиясынын курамына өзгөртүү жана толуктоолорду  киргизилди.                                                                                                                                                              

Жарыш сөзгө чыккан пленум мүчөлөрү Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасынын ишин канааттандырарлык деп баалашты.

Пленумдун жүрүшүндө билим берүү тармагында көп жылдар бою үзүрлүү эмгектенген жана азыркы учурда ардактуу эс алуудагы билим берүү кызматкерлери Ноокен райондук “Билим берүүнүн ардагери” төш белгиси жана баалуу белектер, ошондой эле билим берүү кызматкерлеринин социалдык-экономикалык маселелеринин чечилиши багытында демилгелүү иштешкен социалдык өнөктөштөр Жалал-Абад областтык комитетинин “Кесиптик бирликтин мыктысы” төш белгиси жана Ардак грамотасы  менен сыйланышты.

 

Маалыматты даярдаган: Т. Бакиров, кесиптик бирликтин Ноокен райондук комитетинин инспектору