Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшТУда профессордук-окутуучулук курамдын XIII спардакиадасы жыйынтыкталды

ОшТУда профессордук-окутуучулук курамдын XIII спардакиадасы жыйынтыкталды 

                                                  ( январь айында 2013ш)

 

Ош технологиялык университетинде профессордук-окутуучулук жана кызматкерлер курамынын факультеттер аралык XIII спардакиадасы  жыйынтыкталды. Салтка айланган бул иш-чара окуу жайдын “Дене тарбия” кафедрасы менен Профсоюз уюму тарабынан уюштурулуп, январь айында башталган.

Уюштуруучулардын айтымына караганда, мелдешти уюштуруунун негизги максаты – окутуучулар ортосундагы достук мамилени чындоо, алардын дени сак жашоосуна шарт тузуу  жана  спортту онуктуруу  болуп саналат.

Спартакиадага жалпы окуу жай боюнча 12 факультеттин командасы катышып, волейбол, баскетбол, стол тенниси, шахмат, футбол, тогуз коргоол, эстафета сыяктуу спорттун жети туру боюнча ат салышты. Быйылкы жылы уюштурулган спартакиадада мурдагы жылдарга салыштырмалуу ар бир спорттун  туру  боюнча откорулуп мелдештин жыйынтыгы чыгарылып, сыйлыктар тапшырылып турду.

Ал эми мелдештин жалпы жыйынтыгы боюнча 1-орунду Технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин, 2-орунду Табигый техникалык факультетинин, 3-орунду Технологиялык колледжинин командалары ээлешти. Мыкты Факультетке Ректорат жана Профсоюз уюму тарабынан спартакиаданын кубогу менен сыйлыктар жана баалуу белектер тапшырылды.

 

ОшТУнун маалымат кызматынын жетекчиси

Атакул Жалилов