Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУнун жамаатынын балдары үчүн жаңы жылдык балаты майрамы өттү

Ош мамлекеттик университетинин кесиптик бирлиги бөбөктөргө жаңы жылдык балаты майрамын өткөрдү. Жаңы жылдык балатыга университетте эмгектенген окутуучулардын, кызматкерлердин 12 жашка чейинки 500гө жакын балдары келди.

Майрамдык кечени ОшМУнун кесиптик бирлигинин төрагасы Абсамат Саттаров ачып, балдарга арналган жаңы жылдык куттуктоо сөзүн жолдоду, балдарга чын ден соолук, жаркын келечек каалады.

Кечени жомок  каармандары, окуу жайдын “Зирек” башталгыч билим берүү борборунун таланттуу окуучуларынын ыр-бийлери шаңга бөлөдү. Бөбөктөрдү кубандырган кеченин негизги карманы болгон аяз ата, аяз кыз келип, балдардын майрамдык ыр-бийлерине күбө болуп, ар бир балага арналган шириндиктерди, өзгөчө белектерди тапшырды.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУнун КБКнын башкы адиси А.Айтыкулова