Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУда дагы бир имараттын пайдубалына капсула салынды

Ош мамлекеттик университетинде бир топ жанылануу, окуу имараттарын, жатаканаларын модернизациялоо иштери менен биргеликте ири курулуштар жүрүп, айрымдары колдонууга берилсе, айрымдарынын пайдубалы жаңыдан түптөлө баштады.

            Август айында жаңы окуу жылын утурлап Ош шаарынын Юго-Восток кичи шаарчасында жайгашкан ОшМУнун Ак-Буура кампусунда 4 кабаттуу Эл аралык медицина факультетинин окуу имаратынын курулушу башталган эле, ал окуу имаратынын аянты 2400 м2 түзүп, ушул жылдын 31-декабрында бүтөрүлүп колдонууга берүү пландаштырылган.

            Мындай демилгелерди 26-сентябрь күнү медицина факультетине 4 кабаттуу административдик окуу имаратынын куруу иши улады. ОшМУнун ректору К.Исаков баштаган жамаат алдыга койгон перспективдүү пландарды турмушка ашырууну өзгөчө дем-күч менен улантып жатышат. Пайдубалына капсула салып жатып жамаат жакшы тилек, максаттар аткарыла берүүсүн каалашып, аксакалдар ак батасын беришти.

Аталган окуу имаратынын 12/15 кв метр аянты түзүп, курулушка кетүүчү каражат университеттин ички эсебинен каржыланат. Окуу имараты ушул жылдын декабрь айынын аягында ишке берилүүсү пландаштырылган.