Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУда коомдук-маданий иштерде, спортто ийгилик жараткандар сыйланды

ОшМУда 2021-2022-окуу жылында коомдук-маданий иштерде, спортто ийгилик жараткан студенттерди сыйлоо аземи өттү. Анда окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков жана профсоюз комитетинин төрагасы А.Э.Саттаров жалпы спортто, маданият тармагында ийгилик жараткан студенттерди, аларга дем, күч берип, сүрөп келе жаткан машыктыруучуларды куттуктады. Университет дайыма спортчуларды, искусство тармагын моралдык, материалдык жактан колдоп келе жаткандыгын жана колдой бере тургандыгын белгиледи. Быйылкы окуу жылында университет каржылык жактан гана эмес ар бир спортчуну формалар менен да камсыздагандыгын айтты. Иш-чаранын алкагында 2022-жылдын 22-мартынан 27-апрелине чейин Бишкек шаарында республикадагы ЖОЖдордун арасында болуп өткөн Универсиадада байгелүү орундарга ээ болгон курама командалар сыйланды. 

Мындан сырткары кыргыз күрөшү, дзюдо боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатында, алыш бел боо күрөшү, тогуз коргоол боюнча Азия чемпионатында  байгелүү 1-2-3-орундарды ээлеген спортчу студенттерди куттуктады. “Достук” республикалык хор сынагында 2-орунду ээлеген Искусство факультетинин жамаатына, Жаштар ойногон эң мыкты спектакль номинациясын жеңип алган ОшМУнун киноакадемиясына, “Эргүү сыйлыгынын ээсине сыйлыктарды тапшырды. Кеченин жүрүшүндө катышуучуларга  ОшМУнун Ардак грамотасы, акчалай сыйлыктары ыйгарылды. "Ден соолук-2022" спартакиадасында ОшМУнун намысын коргоочу окутуучуларга бирдиктүү форма тапшырылды. Кече концерттик программа менен коштолду.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУнун КБКнын башкы адиси А.Айтыкулова