Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМСУнун отчеттук шайлоо Конференциясы

Ушул жылдын 27-март күнү Ош Мамлекеттик Социалдык университетинин профсоюз комитетинин III-отчеттук кайра шайлоо конференциясы болуп өттү. Конференцияга Ош облустук билим илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы С.А. Тойгонбаев, Чоң Алай РПК төрагасы К. Абдылдаев жана Ош шаарындагы баардык ЖОЖдун бириккен профсоюз комитетинин төрагалары катышышты. Жалпысынан конференцияга факультеттерден жана бөлөмдөрдөн 111 делегат шайланган. Конференцияны ОшМСУнун бириккен профсоюз комитетинин торагасы м.и.к. Мамажакып уулу Чынгыз ачып, кун тартиби менен тааныштырды. Кун тартибине ылайык ОшМСУнун профсоюз комитетинин комитетет мүчөлөрү, текшерүү комиссиясынын курамы, президиум мүчөлөрү жана профсоюз комитетинин төрагасы шайланды. Конференцияга катышкан 107 делегаттын баардыгынын добушун алып, ОшМСУ бириккен профсоюз комитетинин торагасы болуп, экинчи мөнөткө Мамажакып уулу Чынгызбек шайланды. Ошондой эле профсоюз комитетинин 5 жыл аралыгында аткарган ишмердүүлүгү жөнүндө жана текшерүү комиссиясынын отчету угулуп, делегаттардын “канааттандырарлык” деген баасына татыды. Конференцияны ОшМСУнун ректору, профессор И.Г. Кенжаев алып барды жана аягында Мамажакып уулу Чынгызды профсоюз комитетинин торагалыгына кайрадан шайланышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.