Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Оноктоштук мамиленин жемиши



Кыргыз  Республикасынын «Эмгек мамилелериндеги социалдык оноктоштук жонундогу» мыйзамына таянып, Кара- Кол шаардык мэриясы, Кара- Кол шаардык билим беруу  болуму, Билим беруу  жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Кара- Кол шаардык комитети  болуп тузулгон оноктоштор  арасында  билим беруу   тармагынын  онуктуруу  маселелерин чечуу  жана билим беруу кызматкерлерин социалдык-экономикалык жактан колдоо максатында   Макулдашуу  тузулгон. Бул Макулдашууда Кыргыз Республикасынын  «Билим беруу жонундогу», «Мугалимдин статусу жонундо», «Эмгекти коргоо жонундо» мыйзамдарынын беренелери камтылган.

Макулдашуунун негизинде тараптардын милдеттери  педагогикалык кызматкерлердин укуктук кызыкчылыктарын коргоо, социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоо, эмгекти коргоо, ден-соолуктарын чындоо багыттарда жургузулот. Ошондой эле  белгиленген  иштерди  тараптардын кимиси аткараары даана корсотулгон

Макулдашуунун  алкагында  белгиленген  иштер дээрлик аткарылат.  Билим беруу болуму жана профсоюздун шаардык комитети оздоруно тиешелуу  милдеттерди аткаруу учун ар кандай иш- чараларды  жыл  ичинде уюштуруп келет. Укуктук кызыкчылыктарын коргоо максатында семинарларды откоруп, ден- соолуктарын чындоо иш-чараларын, эмгектерин стимулдаштыруу максатында ар кандай кароо- сынактарды откоруп турат.   Мындай иш-чараларды  шаардык мэрия ар тараптан колдоого аракеттенет.  Мугалимдердин иштоо шартынын жакшырышына конул болунуп,  шаардык кенештин колдоосу менен  тиешелуу  акча каражаттары болунуп турат.  Бул каражаттар менен мектептердин ондоп-тузоо  иштери, жылуулук системалары, жарык беруучу каражаттары , ашканалардын ондоп-тузоо иштери, ашкана учун  керектуу эмеректер  бир кыйла жакшырды. Булар менен катар жергиликтуу бюджеттен эмгектин коопсуздук шарттары учун жана орт коопсуздугун сактоо,  куз-кыш мезгилдеринде жылытуу системаларын узгултуксуз иштоосун камсыз кылуу  учун каражаттар болунуп,  тиешелуу мекемелер тарабынан козомолго алынып турат.

Ар бир адамдын социалдык жактан ишенимдуу камсыз болуусу, анын ишинде ийгиликтерди жаратат.  Буга  далил болуп Кара-Кол  ШБББнун  кызматкерлерине  Кара-Кол шаардык  мэриясыа  озгочо конул бурат.

У стубуздогу жылдагы  мугалимдердин жана мектеп окуучуларынын  жайкы эс алуусу  учун   50 адамдык  автобус  уюштурулуп, ар бир мектептин алдынкы мугалимдери учун  Кыргызстандагы кооз жерлердин бири  Таластагы тарыхий   мурас болгон Манас Ордого  саякат жургузуп, рух доолотторун байытып зыярат  кылып  келуусу учун  акча каражаты шаар мэринин жеке демилгеси алдында ишке ашты.    Ошону менен катар  ТоктогулГЭС сыяктуу ири ишканалардын  эс алуу базасында 30 мугалим  татыктуу   эс алды.

Шаардагы мектеп окуучулары жайкы  эс алууларын  шаарыбыздагы  «Кайынды» эс алуу боорборунда  1-агымда 115 бала, 2-агымда 162 бала, 3-агымда 150 бала эс алып конулдуу кайтышты. Бул эс алуу борборунда окуучулар учун маданий жана спорттук  сынактар уюшулуп, балдардын чыгармачылык жондомдуулугун арттыруу менен дени сак осушуно  оболго тузуудо. Анын ичинде 40 бала Токтогул районунан, 100 бала  Кара-Кол шаарынан  областтык профсоюздар кенеши тарабынан  берилген  жолдомолордон пайдаланышты, ошондой эле социалдык онугуу министрлиги тарабынан Токтогул районунан 15, кара-Кол шаарынан 15 жолдомо социалдык жактан аярлуу деп эсептелген  балдарга  болунуп берилди.  Областтык профсоюздар кенеши тарабынан берилген 100 жолдомонун 40%ын  башкача айтканда  40 жолдомону мугалимдердин балдары алышты. Эс алуу борборунда педагогикалык кадрлар жана тейлоо кызматкерлери эмгектенишип кошумча  каражат табууга  мумкунчулук алышты.

Мугалимдердин  август конференциясында эс алуудагы ардагерлерге жана алдынкы мугалимдерге  баалуу белектерди алуу учун 40 000 сом акча каражаты  жергиликтуу бюджеттен каралды. Темиров Туралы  атындагы №6 орто мектебинин химия- биология мугалими Ызакова Гульнарага  батир  берилип,  жаны конуштуу болду.  Белгилей кетчу  нерсе, Мугалимдердин кесиптик майрамы  куну шаардык шоу-конференцияда  шаар Мэриясынын Ардак грамотасы менен 53 педагог сыйланып   акчалай  демоорчулук корсотулду.

Жылда  белгиленуучу  кыргыз-тили  кунуно  арналган  «Тил тарыхы-эл тарыхы» шаардык конференциясында, кыргыз тилчи мугалимдерге 500 сомдон акчалай сыйлык берилген. Шаардык «Жылдын мыкты мугалими-2012» конкурсу откорулуп, 30 000 сом акча болунду. Билим беруу  кызматкерлеринин билимин оркундотуу  багытында  сапар каражаттары менен камсыз кылуу жергиликтуу бюджеттин эсебинен каржыланып  турат. Республикалык,областтык, шаардык олимпиадаларга, спартакиадаларга конкурстарга, мелдештерге катышуу  учун акча  каражаты каралып турат

 Ал эми жамааттык 2 тараптуу келишимдерде мектеп директорунун, профкомдун  милдеттери корсотулуп, жогоруда белгиленген  милдеттер аткарылат. Белгилей кетсек, Кара-Кол шаарында 6  орто мектеп, 2 башталгыч мектеп, 2 мектептен сырткары мекеме, 2 балдар бакчасы иштеп,  белгилеген жамааттык эки тараптуу келишим ар бир  билим беруу мекемелеринде тузулгон.  Борбордук Комитет тарабынан жарыяланган «Жылдын мыкты социалдык оноктошу» сынагынын шаардык, облустук туруна активдуу катышышты. Ал эми женишке жетишкен  Токтогул атындагы №1-орто мектебинин оноктоштору (директору- Кокоева Г.С, профкомитеттин торайымы-Турдуева А.Э) сынактын облусттук турунда 2-орунга чыгып, II-даражадагы диплом менен сыйланышы шаарыбыздын билим беруу системасы учун чон сыймык болду.

 Белгиленген ийгиликтер озунон-озу жаралбайт, ал эми мындай натыйжаны алууга уч тараптуу, эки тараптуу макулдашуу  оз жемишин бергенин айгинелейт.