Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Олимпиаданын жеңүүчүлөрү сыйланды

Кадамжай районунун акими Болоткан Баяке уулунун демилгеси менен билим берүү мекемелеринде балдарды эрте курактан өнүктүрүү жана окуучулардын билимге болгон кызыгуусун арттыруу максатында ошондой эле таланттуу, шыктуу балдарды аныктоодо өбөлгө болгон кароо сынак быйыл биринчи ирет уюштурулду. Олимпиадага райондун аймагындагы  5-6-класстардын окуучулары жалпы 1468 бала катышты.

Предметтик олимпиада Кадамжай шаарындагы “Семетей” лицейинде математика, кыргыз тили, орус тили, англис тили, жана тарых сабактарынан ушул жылдын март-апрель айларында эки баскычта болуп өттү.

Жыйынтыгында район аймагындагы 6 мектеп жогорку көрсөткүч берип, 35 окуучу жеңүүчү деп аныкталды. Предметтик олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө аким тарабынан баалуу китеп жана дипломдор, предметтик мугалимдерге Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Кадамжай райондук комитетинин төрагасы  А.Ю.Момошов  тарабынан акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Кадамжай райондук комитети