Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИде кыз-жигиттин «Сармерден» айтышы өткөрүлдү

Ош гумантитардык-педагогикалык институтунун  «Жаштар маданий-эстетикалык» борборунда 11-апрель күнү Гуманитардык факультеттин тарых адистигинин таланттуу студенттеринин катышуусундагы «Сармерден» кыз-жигит айтышы болуп өттү.

«Сармерден» кыз-жигит айтышында окуу жайдын Кесиптик кошунун төрагасы А.Кошбаев, Аялдар кеёешинин төрайымы Ж.Усубалиева, ректордун жардамчысы Э.Абдибалиевдер калыстык кылып барышты.

Тарых кафедрасынын окутуучусу Н. Турдакунованын демилгеси менен даярдалган  «Сармерденде» ыр, бий, табышмак, макал-лакап, жаёылмач, манас айтуу сыяктуу өнөрлөр менен таё калтыра таймашкан студенттер кыргыздын улуттук аспатарында да кол ойнотуп жатышты.

Калыстар тобунун жыйынтыгы менен мыкты деп аныкталган  кыздар командасына «Мыкты команда» деген наам ыйгарылып, жигиттер командасынан Мажитов Мураска «Мыкты ырчы», кыздар командасынан Курманбек кызы Айзирекке «Сөзгө чечен» деген  номинациялар берилип, дипломдор, баалуу белектер тапшырылды.

Сөзгө чыккан Гуманитардык факультеттин деканы Т.Абжалов көрүүчүлөргө таланттарын тартуулаган студенттерге жана  тарых кафедрасынын окутуучулар жамаатына ыраазычылык билдирди.

Соёунда «Сармерден» кезеги факультеттин англис  тили адистигине узатылды.

 

 Басма сөз катчы                                          З.А.Нуралиева