Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИде ак төөнүн карды жарылып...

Үстүбүздөгү жылдын 27-октябрь күнү Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда “Табият таануу жана география” факультети тарабынан уюштурулган институттун деңгээлинде түшүм майрамына карата жарманке болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирет.  

         Жарманкеде студенттер күзгү бышыкчылыктын белгисин билдиришип, жалпы жер-жемиш, дан өсүмдүктөрүн арзан баада студенттерге тартуулашты. Бул иш-чара окуу жайга кызыгуу жаратып, ОГПИнин ректору п. и.к., доцент Б. Б. Зулуев өзү да катышып, уюштурган факультеттин жамаатына жана студенттерге  ыраазычылык билдирди. Институттун студенттерине өтүп жаткан жарманке бир топ пайдалуу жактары менен өзгөчөлөндү.

         Андан сырткары ак төөнүн карды жарылган мезгилде мөмө-жемиштерден чыгармачылык менен жасалган өнөр ээлери жана мыкты даярдык көргөн тайпалар грамоталар, белектер менен сыйланды.