Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Облустук семинар жемиштүү аяктады

Үстүбүздөгү жылдын 8-9-июлунда Базар-Коргон районундагы «Арстанбап» пансионатынын базасында жаӊыдан шайланган облустагы баштапкы профсоюз уюмдарынын жетекчилерин үйрөтүү боюнча кезектеги семинар обкомдун уюштуруусунда ийгиликтүү өткөрүлдү. Ага район, шаардык комитеттерден жана окуу жайлардан 40 жетекчи чакырылды.

     Семинарды профсоюздун Жалал-Абад обкомунун төрагасы ачып, «Профсоюз: бүгүн жана эртеӊ» деген темада билдирүү жасады.

     Профсоюздун Аксы райкомунун төрагасы А.Бабакулов «Баштапкы уюмдардын иштерин пландаштыруу жана уюштуруунун мазмуну жана формалары», «Профсоюздук лидер деген ким, анын негизги сапаттары», профсоюздун Сузак райкомунун төрагасы А.Исмаилов «Үч тараптуу макулдашууларды түзүүнүн механизмдери жана анын билим берүү кызматкерлеринин социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоодогу ролу» деген темаларда мазмундуу лекцияларды окушту.

     Андан соӊ аталган темаларда семинардын катышуучулары топторго бөлүнүшүп, практикалык мүнөздөгү иштерди аткарышты. Топтор өздөрүнүн позицияларын коргоо (презентация) иштерин өз деӊгээлинде жүргүзүштү.

     Семинардын кийинки күнүндө профсоюздардын Жалал-Абад облустук кеӊешинин башкы техникалык инспектору А.Мамажунусов тарабынан окулган «Билим берүү уюмдарында техникалык коопсуздук жана эмгекти коргоо маселелери, бул маселеде айыл окуругунун, мектеп дирекциясынын, баштапкы профсоюз уюмдарынын биргелешкен аракеттери» деген темадагы лекциясы катышуучулардын кызыгуусуна татыды. Материалдын маани-маъызын ачуучу слайддар көрсөтүлүп, кеӊири талкуу уюштурулду.

     Профсоюздун Кара-Көл шааркомунун төрайымы А.Каракозуева «Билим берүү кызматкерлерине сентябрь айында жогорулатылуучу айлык акынын болжолдуу механизмдери жөнүндө» деген темада билдирүү жасады. Элүү пайызга көтөрүлгөн айлык акы (учурдагы абалга салыштырмалуу) кандай боло тургандыгы кызыгуу менен кабыл алынды. Практикалык иштер арбын өткөрүлүп, басым мектеп директорлорунун, бухгалтериянын, профкомдордун биргелешкен иш аракеттерине жасалды.

     Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин баштапкы профсоюз уюму жөнүндө: укуктук статусу, максаттары жана милдеттери» («Жобонун» негизинде) «Баштапкы профсоюз уюмунун иш кагаздары аларды жүргүзүүнүн жолдору» деген темада обкомдун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы А.Бегматов кеӊири тааныштырды.

     Жыйынтыгында эркин микрофон уюштурулуп, кеӊири ой-пикир жүргүзүп, акыл калчоого шарт түзүп берилди.

     Семинарды корутунду сөз сүйлөө менен обкомдун төрагасы К.Мурзакматов жабык деп жарыялады.

Обкомдун уюштуруу бөлүмү