Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Облустук семинар - кеӊешме өткөрүлдү

      Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин иш планы боюнча 2015-жылдын 24-апрелине белгиленген облустук семинар Ала-Бука районунун Ак-Там, Аккоргон айыл аймактарынын мектептери менен баштапкы профсоюз уюмдарынын базасында өткөрүлдү.

       Ага бардык райондук жана шаардык комитеттердин жетекчилери катышты.

       Семинарда «Социалдык өнөктөштүк - билим берүү мекемелердин социалдык - экономикалык маселелеринин чечилишине өбөлгө» деген маселе талкууланды.

       Семинардын катышуучулары  Ак-Там айыл аймагынын дагы Н.Бекменбетов  атындагы орто мектепте, Майрам балдар бакчасында, Ак-Коргон аймагындагы Сафед-Булан гимназия мектебинде, «Октябрь» жана «Багы-Шамал» мектептери менен таанышышты.

      Ак-Там айыл аймагынын башчысы Узаков Муратбек  Курманбекович, Ак-Коргон айыл аймагынын башчысы Тураббаев Жусупбек Абдусаламович, Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сонунбек Абдылдаевич Акпаралиев, билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ала-Бука райкомунун төрагасы Ж.Дурусалиев, №7 Н.Бекменбетов атындагы орто мектептин директору, Ак-Там айылдык кеӊешинин төрайымы Абдырахманова Элнура Абдыганиевналар аталган айыл аймактарында жана райондук деӊгээлде үч тараптуу макулдашуулардын түзүлүшү, алардын билим берүү мекемелеринин социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүү боюнча жардамдары, аткаруу механизмдери жөнүндө кеӊири сөз сүйлөштү.

    

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад обкомунун төрагасы Мурзакматов Кубанычбек Сыргабаевич Республикада, облуста профсоюз уюмдар тарабынан социалдык өнөктөштүк боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, алардын келечеги тууралуу кеӊири билдирүү жасады.

      Бул маселе боюнча профсоюздун Аксы райкомунун төрагасы А.Бабакулов, Токтогулдан - Т.Исраилов, Жалал-Абаддан - З.Тургунбаева, Сузактан - А.Исмаилов, Кара-Көлдөн - А.Каракозуева, Базар-Коргондон - Б.Калимбетов, обкомдон - А.Бегматовдор ойлорун ортого салышты.

     

Райондо үч тараптуу макулдашуулардын жүрүшү боюнча райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык бөлщмщнщн адиси Батыров Жуман Кушбекович, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Акпаралиев Сонунбек Абдылдаевич, профсоюздун райондук комитетинин төрагасы Ж.Дурусалиевдер баяндама жасашты.

     Баяндамалар боюнча Г.Алимова, М.Бозгунчуева, У.Балтагулова сыяктуу баштапкы профсоюз уюмдарынын жетекчилери өз пикирлерин билдиришти.

    

Облустук семинардын ишин корутунду сөз сүйлөө менен обкомдун төрагасы Мурзакматов Кубанычбек Сыргабаевич жыйынтыктады. Ал өз сөзүндө Ала-Бука районунун айыл аймактарында, мектептеринде, баштапкы профсоюз уюмдарында социалдык өнөктөштүктү өркүндөтүү боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жаткандыгына токтолуп, тараптардын ишине ийгилик каалады.

Обкомдун уюштуруу бөлүмү.