Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Обкомдун төрагасы жабыркаган мугалимдерден кабар алды.

2020-жылдын  10-декабрында   Билим  берүү  жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун  Жалал-Абад  обкомунун  төрагасы  Исмаилов  Абдукахар   Арапович   обкомдун  жооптуу  кызматкерлери  менен Ноокен  жана Базар-Коргон райондорунда  өрт  кырсыгынан  жабыркаган мугалимдердин  үй-бүлөсүнө  барып,  Борбордук Комитеттин  төрагасы  Асылбек Токтогуловичтин жана  обкомдун   атынан  моралдык  жана  материалдык  колдоо  көрсөттү. Иш-чарага Ноокен  районунда райкомдун  төрагасы  Кубанычбек  Калдарович Нышанов , Базар-Коргон районунда райондук   билим берүү  бөлүмүнүн  башчысы  Сарыев Сопубек Камалович, райкомдун төрагасы  Жаркынбаев Сүйүнбек  Сарыевичтер  катышып, мугалимдерге  көрсөтүлгөн  камкордуктар  үчүн  ыраазычылык  билдиришип  профсоюздук  иштерге  ийгиликтер  каалашты. Ноокен  районунун  №29 Я.Мирзаходжаев  атындагы  орто  мектебинин  башталгыч  класстар  мугалими  Саримсакова  Одинахон  Садиковна, Базар-Коргон  районунун  №34 Ю.Исламов  атындагы  орто  мектебинин  мугалими Камилова  Давлатхон  Мамажановналар  үй-бүлөсүнүн  атынан Борбордук  Комитеттин  төрагасы  Асылбек  Токтогуловичке, обкомдун  төрагасы Абдукахар Араповичке ыраазычылыктарын жана   рахматын көзүндө кубаныч  жаштары менен айтышты.Профсоюз лидерлерге жакшы  каалоолорун билдиришти.

 

 

Материалды  даярдаган:Обкомдун  инспектору-А.Айдаров.