Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Обкомдогу жолугушуу

2024-жылдын 8-июль күнү Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Кулназарова Элмира Досуевна билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад облустук комитетинин кызматкерлери менен жолугушуу өткөрдү.

Анда Э. Кулназарова учурда кесиптик бирликтерде жүрүп жаткан алгылыктуу иштер жөнүндө ой бөлүштү.

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад облустук комитетинин төрагасы М. Примкулов облуста жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө айтып берди.

Э. Кулназарова райшааркомдордун иштери менен жеринде таанышуу максатында Ала-Бука районуна жөнөп кетти.

 

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик  бирликтин Жалал-Абад облустук комитети