Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокендин билим берүү кызматкерлери Сары-Челекте

2022-жылдын 18-20-июль күндөрү Ноокен районунун билим берүү тармагынын кызматкерлери Аксы районундагы Сары-Челек, Падыша-Ата эс алуу жайларында болушуп, көнүлдүү эс алып кайтышты.

Эс алууга райондогу 54 мектеп жана 2 балдар чыгармачылык үйүнүн мугалимдери, тех.кызматкерлери жалпы 56 билим берүү кызматкеринин эс алуусу уюштурулду.

Эс алунуну биринчи күнүндө Сары-Челек коругун, ал эми экинчи күнү Падыша-Ата коругун зыярат кылышты. Эс алууга барган билим берүү кызматкерлери өз эмгектеринин баалынып жаткандыктарын баса белгилешип, эс алууну уюштурган Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы К.Нышановго, эс алуучуларды коштоп барган кесиптик бирликтин инспектору Т.Бакировго, райондук билим берүү бөлүмүнүн эсепчиси М.Козуевге өз ыраазычылыктарын билдиришти.

Бул эс алуунун өзгөчөлүгү мектеп, администрациясынан, катардагы мугалимдер, тех.кызматкерлер чогуу барышып, таанышып, баарлашып, мыкты эс алып келишти.

 

Маалыматты даярдаган: №35 Ш.Сүйөркулов атындагы орто мектебинин баштапкы кесиптик уюмунун төрайымы Ажиматова Райхан Азимовна