Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокенде көчмө президиум кеңешмеси болуп өттү

2021-жылдын 20-январь күнү №16 Ж.Турусбеков атындагы орто мектебинин базасында Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин президиум кеңешмеси болуп өттү.
Президиум кенешмесине төрага К.Нышанов, Ноокен райБББнүн башчысы Н.Олжобаев жана мүчөлөрү З.Усенов, А.Усманов, А.Орозова, З.Юлдашева, Ф.Акматова, З.Маматова, Н.Момуналиева, Т.Исмаиловдор катышышты.
Президиум күн тартибинде төмөнкү маселелер каралып, тийиштүү токтомдор кабыл алынды.
1. Райондук комитеттин 2021-жылга иш планын бекитүү жөнүндө.

2. Райондук комитеттин регламентин бекитүү жөнүндө.
3. Райондук комитеттин 2021-жылга сметасын бекитүү жөнүндө.
4. Райондук комитеттин 1-Пленумун чакыруу жөнүндө.
5. Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитети тарабынан “Мыкты профсоюз уюму жана төрагасы-2021” кароо-сынактын райондук турун уюштуруу жөнүндө.

6. Пандемия учурунда COVID-19 жана пневмония менен ооруган профсоюз мүчөлөрүнө материалдык жардам берүү жөнүндө.

7. Ноокен райондук “Билим берүү ардагери” төш белгиси менен сыйлануучулардын тизмесин бекитүү.
8. Ноокен райондук “Билим берүү ардагери” төш белгисин жасатуу үчүн каражат бөлүү жөнүндө.
9. “Ден соолук-2021” мугалимдердин райондук спартакиадасын өткөрүүгө каражат бөлүү.

Материалды даярдаган
Ноокен рай КБКнын тескөөчүсү Т. Бакиров