Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокенде эмгекти коргоо күнүнө карата бир айлык жарыяланды

28-апрель – Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө карата Борбордук комитеттин 2024-жылдын 29-апрелиндеги №4/1 президиум токтому жана Жалал-Абад обкомунун 2024-жылдын 29-апрелиндеги №18/2 сандуу катынын негизинде Ноокен районунун билим берүү мекемелеринин баштапкы кесиптик уюмдарында атайын бир айлык жарыяланып,иш-чаралар өткөрүлүүдө. 

Анда ар бир баштапкы кесиптик уюмдарда чогулуштар, тегерек столдор уюштурулуп, кызматкерлер 28-апрель – Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнү жөнүндөгү  материалдар менен кененирээк таанышышты.  

Андан сырткары акыл ордо, спорттук оюндар, флешмобдор жогорку денгээлде уюштурулду. Баштапкы кесиптик уюмдардын төрага, төрайымдары ардактуу эс алууда отурган мугалимдердин үйүнө барып кабар алышты жана  кесиптик бирлик тарабынан атайын белектер менен сыйлашты.

Алдыда дагы бир нече иш-чаралар пландалып, өткөрүү алдында турат.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ноокен райондук комитети