Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдердин мелдеши

Манас райондук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети жана Манас райондук билим берүү бөлүмү менен бирдикте мугалимдердин спартакиадасы 1-май эмгекчилердин эл аралык күнүнө карата өткөрүлдү.

Спорттук мелдештер волейбол, кичи футбол, стрин бол, стол тениси, тогуз коргоол жана жеңил атлетика боюнча өткөрүлдү.

Спартакиадада РайБББнүн башчысы Маркашов З.К., Манас райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Дуйшенбиев Н.С. жана “Кыргызстан” айыл аймагынын башчысы Дуйшебаев М.Б мугалимдерди куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалаштты.

Жыйынтыгында спорттун жеке түрлөрүнүн  жеңүүчүлөрүнө грамоталар тапшырылып, жалпы командалык жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар жана

I - орунду ээлеген командага Кубок ыйгарылды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Манас райондук комитети