Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленди

Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмү жана билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун райондук комитети мугалимдердин кесиптик майрамын райондук маданият үйүндө 2021-жылдын 8-октябрь күнү “Санаамда – сабак, жан дүйнөмдө сенсин – окуучум!” деген ураан алдында өткөрүштү.

Майрамдык салтанатка райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары Г.А.Султагазиева, айыл аймактарынын башчылары катышты. Алар билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттукташты.

Алдыңкы мугалимдерге КРнын  Билим берүү  жана илим министрлигинин «Билим берүүнүн мыктысы» тѳш белгиси, Ардак  грамотасы, областтык мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы, областтык билим берүү усулдук борборунун Ардак грамотасы, райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы, райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамотасы жана КРнын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин “Профсоюз кыймылынын отличниги” төш белгиси жана Ардак грамоталары ыйгарылды. Мындан сырткары Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин областтык, райондук комитетинин Ардак грамоталары жана акчалай сыйлыктары да берилди.

Айыл аймактарынын башчылары өздөрүнө тиешелүү билим берүү уюмдарынын мугалимдерине өз сыйлыктарын тапшырды.

Майрамдык иш-чарага чыгармачыл мугалимдер тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.

 

Маалыматты даярдаган: Тогуз-Торо райондук КБКнын адиси Н.Апешов