Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдер Ысык-Көлдө

Ысык-Көл областынын Чолпон-Ата шаарында өткөн Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү жана мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин арасында 2024-жылдын “Ден соолук” спартакиадасына Базар-Коргон районунан 16 мугалим, анын ичинен 8 мугалим шахмат боюнча, 8 мугалим тогуз коргоол боюнча  катышып келишти.

Мугалимдер спорттун шахмат, тогуз коргоол түрлөрү боюнча күч сынашып, байгелүү орундарды алышты. Атап айтсак, шахмат боюнча командалар- аялдар арасында 2-орунду ээлеп, ал эми шахматтан 3-орунду жалгыз ойногон А.Монокбаев атындагы №29 орто мектебинин мугалими Капарова Гулнара алды.

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Базар-Коргон райондук комитети тарабынан мугалимдердин жол киреси жана жатаканасы каржыланып берилди. Мугалимдер колдоолор үчүн кесиптик бирликке ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган:  Кесиптик бирликтин Базар-Коргон райондук комитети