Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

МУГАЛИМ – КЕСИПТЕРДИН УЛУУСУ

Мугалимдик иш – түйшүктүү иш, аны менен катар эле сыймыктуу иш! Анткени келечек муундарды окутуп, тарбиялап, турмуштун даңгыр жолуна багыт берип, адамдык сыпаттарды калыптандырып эрезеге жеткирген – бул Мугалим эмеспи.

          Караңгыны жарык кылган шам чырак сыяктуу адамзаттын дүйнө таануусун калыптандырган, жаратмандык жана атуулдук бийик рух менен эмгектенип жаткан да Мугалим.

          Мугалимдик кесипти туу тутуп, күжүрмөн эмгек менен алп уруп, чарчаганын билишпей, окуткан балдары менен сыймыктанып иштеп жатышкан учурдагы мугалимдерге таазим этүү менен ыраазычылык гана айтсак арзыйт.

          Октябрь айы башталып мугалимдердин маанайы жаркып, көңүлдөрү көтөрүлүп кесиптик майрамдарын белгилешип жатышат. Катардан калбай Сүлүктү шаарында да улуу кесип ээлери болгон мугалимдердинг кесиптик майрамын чогуу тосуу максатында билим берүү кызматкерлеринин Сүлүктү шаардык комитети сентябрь айынан баштап пландаштырып, иш чараларды түзүү жана ар бир билим берүү уюмдарында иш чараларды татыктуу жана сапаттуу уюштурууну колго алды.

          Мугалимдердин кесиптик майрамын шаардык масштабда 29-сентябрь күнү комитеттин жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен Шаардагы эң чоң Бектур тойканасына уюштурду. Ага жалпы билим берүү уюм-мекемелеринен 260 мугалим-педагогдор 60 ардагер мугалимдер жана шаар жетекчилери катышышты.

          Иш чараны Шаардык билим берүү бөлүмүнн башчысы А.Ж.Исманов ачып, мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, түйшүктүү иштерине ийгиликтер каалады жана алдыңкы мугалимдерге ыраазычылык билдирди жана грамоталар менен сыйлады.

          Ардагер мугалимдерге баалуу сыйлыктар тапшырылды.

          Иш чарага шаардын биринчи вице-мэри Б.Э.Ташев жана вице-мэр Р.М.Амирова катышты. Шаар жетекчилери жана шаардык кеңштин депутаттары : ЖДПБнун башкы дарыгери А.Ибрагимов, БатМУ СГЭИнин директору А.Машрабов, “НУР” ЖЧК директору, КСДП партиясынын шаардык координатору Р.Абдыназаров, “Кара - Булак” ЖЧК директору К.Айтемиров, жана МРЭГ башчысы А.Туленбаев,  ж.б. лар катышышты. Мугалимдердин кесиптик майрамын куттуктоо менен бирге баалуу жана акчалай сыйлыктарын тапшырышты.

          Иш чара жылдагыдан өзгөчө шаңдуу өтүп катышкан мугалимдер абдан көнүлдүү отурушту. Ыр-бийлер менен коштолуп кызыктуу оюндар да уюштурулду. Жеңүүчүлөргө кесиптик кошун комитетинин баалуу белектери ыйгарылды.

 

          Мугалим сокурга – көз, дүлөйгө кулак, караңгыга – чырак, жан дүйнөгө – азык берет. Мугалим чыныгы агартуучу, мугалим гана коомду аппак кылып тазалоочу бирден бир күч!

Алтын жакут берметтей билим деңизинде кеме айдаган келечек муундарга нурун чачкан мугалимдерге не деген сөздөрдү арнасаң да аздык кылат.

 

          Андыктан урматтуу мугалимдер, ардактуу кесип ээлери Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктап сиздерге бакубат жашоо, чың ден – соолук, кажыбас кайрат, үй бүлөлүк бакыт каалайм. Түйшүктүү ишиңиздерде ийгиликтер жарала беришин Жараткандан сураймын.

 

          Ал эми мугалимдердин демине дем, күчүнө күч кошкон демөөрчүлөрүбүзгө, өзгөчө “НУР” ЖЧК директору, КСДП партиясынын шаардык координатору Рахман Эрматович Абдыназаровго ыраазычылык билдирүү менен Рахмат айтамын.

          Аллах сиздердин ден соолугуңуздарга жана ишиңиздерге береке берсин.

 

Билим берүү кызматкерлеринин

Сүлүктү шаардык комитетинин төрагасы

К.С. Кудаяров