Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Методкабинеттин 1-усулдук иш –чарасы өткөрүлдү

           КР  Өкмөтүнүн  2016-жылдын  6-сентябрындагы  №485 токтому менен  райондук  билим  берүү  бөлүмдөрүнун  алдында  окуу-методикалык  кабинеттерди  ачуу  жөнүндөгу  чечими  билим берүү  кызматкерлерин  кубандырды. Райондо  КРнын  Билим берүү  жана  илим  министрлигинин  14-сентябрындагы  № 1277/1 буйругу  менен  райондук  окуу-методикалык  кабинет  түзүлүп,  анын башчылыгына  тажрыйбалуу  жетекчи К.Н.Садиров дайындалды. Окуу-усулдук  кабинеттин  иш  планына  негиз 2016-жылдын  23-ноябрында “Мыкты  профсоюз уюм  жана төрагасы-2014” кароосунун   облустук   турунун  женүүчүсү,  республикалык  турдун  катышуучусу  болгон №34 “Жазгак”  орто  мектебинин  базасында    мектептердин  директорлорунун  семинары болүп  өттү. Семинардын  1-бөлүгүндө 5 үлгүлүү сабактарга , 2-бөлүгүндө “Кырыгыз  мамлекетинин  тарыхы  жана маданияты-улуттардун  сыймыгы жана байлыгы” темасында  иш-чарага  катышышты. Семинардын жыйынтыгында  райКБКнын  төрагасы К.Нышанов,  райБББнун  башчысынын  орун  басары  А.Каримова,  Райметодкабинеттин  башчысы К.Садировтор ,  катышуучулар  сүйлөп,  усулдук  иш-чарадан  жана мектептин  кесиптик уюмунун   ишмердүлүгү менен  таанышып жакшы  усулдук  материилдарды  алгандыктарын, белгилешти. Семинардын  катышуучулары жаңы  уюштурулганган  райметодкабинеттин ишине,  мектептин  жамаатына  ийгиликтер  каалашты.

Материалды  даярдаган Ноокен  райКБКнын  тескөөчүсү-А.Айдаров.