Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мектепте тарых музейи-класс бөлмөсү ачылды

2021-жылдын  20-январь күнү   Базар-Коргон  районунун  Кеңеш  айыл  аймагында жайгашкан №12 Капарбек атындагы жалпы орто мектебинде тарых музейи-класс бөлмөсүнүн ачылуу аземи болду.

        Иш-чарага   Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.К.Сариев,  райкомдун  төрагасы  С.  Жаркынбаев, Кенеш айыл аймагынын башчысы Р.Омурзаков, айыл эли жана мектеп активистери катышты.

       Мектепте тарых музейин-бөлмөсүн ачуунун негизги  максаты жаш муундарга, окуучуларга таалим-тарбия берүү,  ата-мекенди сүйүү, патриоттук сезимдерин күчөтүү жана өткөндөрдүн жасап кеткен жакшы иштерин  эске салуу болуп саналат.

        Тарых музей-бөлмөсүндө  айыл аймактын, райондун, республиканын  ар түрдүү тармактарына салым кошкон Кеңеш  айыл  аймагынан чыккан көрүнүктүү инсандардын сүрөттөрү, архивдик документтери, баяндамалары жана археологиялык турмуш тиричилик буюмдары  коюлган.  Мектепте тарых музей-бөлмөсүнүн ачылышына тарых мугалими болуп көп жыл эмгектенген, азыркы учурда ардактуу эс алууда жүргөн   Саипов  Рыскул агайыбыздын эмгеги зор. Ошондой эле тарых музейин  ачууга  ардактуу эс алуудагы, сүрөтчү мугалим Ташполотов Байыш,  тарых мугалими жана мектеп баштапкы профсоюз уюмунун төрайымы Маматали кызы Гулгакы салым кошушкан.

      Р.Саипов “өрнөктүү өмүрлөр, өчпөс элестер” темасында, өткөн кылымдын Кокон хандыгынан тартып, азыркы күнгө чейинки мезгилдерге токтолуп, жакшы иштерди жасап,  айыл аймактын, райондун, республиканын  ар түрдүү тармактарына салым кошкон Кеңеш  айыл  аймагынан чыккан көрүнүктүү инсандар боюнча кеңири маалымат берип өттү.

       Базар-Коргон  райкомунун   төрагасы  С. Жаркынбаев  жакшы каало-тилектерди айтып, тарых музейи- бөлмөсүн уюштуруп, ачылышына салым кошкон Р.Саипов жана  Б.Ташполотов агайларыбызга, Билим берүү жана илим кызматкелеринин  профсоюзунун Базар-Коргон   райондук комитетинин “Ардак грамотасын” тапшырды.  Ошондой эле мектеп жамаатынын иштерине ийгиликтерди каалады.

      Тарых музейин- класс бөлмөсүн уюштуруучулар жана мектеп жамааты келген меймандарга ыраазычылыктарын билдиришип, иштерине ийгиликтерди  каалашты.  

      Материалды  даярдаган:  Райкомдун  инспектору   К.  Асыранкулов