Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мектеп кызматкерлеринин райондук спартакиадасы

Аламүдүн райондук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан уюштурулган жыл сайын өтүүчү мектеп кызматкерлеринин райондук спартакиадасы болуп өттү. Спартакиадада  спорттун 4 түрү - волейбол, аркан тартыш, стол тенниси, шахмат боюнча күч сынашты. Анда 36 мектептен жалпысынан 612 мектеп кызматкерлери катышты. 2024-жылдын 20-апрелинде 36 мектеп жайгашкан жерине жараша 6 зонага бөлүнүп, зоналык этабы болгон. Зоналык этаптан 1-орунду камсыз кылган мектеп кызматкерлери финалдык беттеште  жолугушту.

2024-жылдын 27-апрелинде Аламүдүн районунун Пригород жалпы билим берүү орто мектебинин базасында мектеп кызматкерлеринин райондук спартакиадасынын финалдык этабы өттү. Төмөнкү мектептердин командалары жана оюнчулары байгелүү орундарды камсыз кылышты:

Волейбол боюнча:

I орун – Т.Жайылов атындагы жалпы билим берүү орто мектеби;

II орун – Стрельникова атындагы жалпы билим берүү орто мектеби;

III орун - №1 Аламүдүн жалпы билим берүү орто мектеби.

 

Аркан тартыш боюнча:

I орун – Б.Бейшеналиева атындагы жалпы билим берүү орто мектеби;

II орун – АГЭС-5 жалпы билим берүү орто мектеби;

III орун – Ж.Касымбаев атындагы №2 мектеп-гимназиясы.

 

Стол тенниси боюнча (аялдар жана эркектер арасында):

I орун – 1. Төмөнкү Аларча жалпы билим берүү орто мектеби, Пригород жалпы билим берүү орто мектеби;

II орун – 1. Ж.Касымбаев атындагы №2 мектеп-гимназиясы, А.Айдаралиев атындагы Каирма жалпы билим берүү орто мектеби;

III орун – 1. Т.Актанов атындагы Кашка-Сууу жалпы билим берүү орто мектеби, Пригород жалпы билим берүү орто мектеби.

 

Шахмат боюнча (аялдар жана эркектер арасында):

I орун – 1. Т.Жайылов атындагы жалпы билим берүү орто мектеби, Маевка жалпы билим берүү орто мектеби;

II орун – 1. А.Айдаралиев атындагы Каирма жалпы билим берүү орто мектеби, Стрельникова атындагы жалпы билим берүү орто  мектеби                   

III орун -1.  Стрельникова атындагы жалпы билим берүү орто  мектеби, О.Турсуматов атындагы Бер-Булак жалпы билим берүү орто мектеби 

Жеңүүчү командаларга Кубок, бардык байгелүү орунду камсыз кылган мектептердин командаларына жана мугалимдерине диплом, медаль, акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Ошондой эле “Мыкты коргоочу”, “Мыкты чабуулчу”, “Мыкты байланыштыруучу” номинацияларына ээ болгон мугалимдер дагы диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Аламүдүн райондук комитети