Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Манас таануу» сынагы

Кара-Суу районундагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин арасында Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук нарктуулук» жөнүндөгү Жарлыгынын алкагында өткөрүлгөн «Манас таануу» кароо-сынагынын райондук этабына районго караштуу мектепке чейинки билим берүү мекемелери катышты. Конкурс Жобонун негизинде 4 этаптан (1 -Саламдашуу, 2-Коюлум, 3-Манас айтуу, 4-Суроо-жооп) өткөрүлүп, жыйынтыгында 17 мектепке чейинки билим берүү мекемелери өзгөчөлөнгөн деп табылды.

Калыстар тобунун чечими менен 1-орунга Мады айыл аймагындагы “Ханбийке”, 2-орунга Кара-Суу шаарындагы “Бал-Берек” жана Баш-Булак айыл аймагындагы “Эркетай бала”, 3-орунга Ынтымак айыл аймагындагы “Ширинтай” жана Манас айыл аймагындагы “Найс-Бэйби” мектепке чейинки билим берүү мекемелери ээлеп, калган 12 мектепке чейинки билим берүү мекемелери кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болушту.

Жеңүүчүлөр Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн жана райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин диплому жана баалуу белектери менен сыйланышты.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Кара-Суу райондук комитети