Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Максатына жеткен август кеңешмеси

Салтка айланып калган мугалимдердин Жалал-Абад облустук Август кеңешмеси КРнын ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында жакшы даярдык менен өткөрүлдү .

 Анын ишине Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлигинин статс-катчысы Шадыканов К.Т, КРнын өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Төрөмаматов Ж.К. катышты.

 Кеңешмеде «Окутуу менен тарбиялоонун биримдиги –билим берүү системасын реформалоонун артыкчылыктуу багыты» деген теманын үстүндө кеңири сөз болду.

 Облуста өткөн жылда аткарылган иштер, ийгиликтер, али ишке салынбаган резервдер туралу облустук билим берүүнүн усулдук борборунун директору А.Токтосунов кеңири маалымат жасады . Докладды талкуулоого чыгышкан билим берүү кызматкерлеринин сөздөрүндө аткарылган иштер менен бирдикте тармакта орун алган кемчиликтер жөнүндө ар тараптуу сөз болуп, көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча орошон ойлор ортого ташталды.

 КРнын Жалал-абад облусундагы ыйгарым укуктуу Ж,Төрөмаматовдун сөзүндө жетекчи кадрлардын жоопкерчилигин көтөрүү, материалдык базаны чыңдоо, айрыкча,курулушу башталып, каражаттын тартыштыгынан бүтпөй калган мектеп имараттарын ишке киргизүү боюнча омоктуу ойлор айтылды.

 КРнын билим жана илим министрлигинин статс-катчысы К,Шадыканов тармакта жүргүзүлүп жаткан иштери, анын ичинде, шашке тамакты уюштуруу, окуучуларды окуу китептери менен камсыздоо боюнча маалыматтарга кеңири токтолду.

 Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун обкомунун төрагасы К.Мурзакматов тармакта иштегендердин саламаттыгын чыңдоо жаш адистер үчүн зарыл болгон шарттарды түзүүдө биргелешкен аракеттердин зарылдыгына басым жасады . Кеңешменин жыйынтыгында коомчулука кеңири кайрылуу кабыл алынды .

 


Жалал-Абад областтык билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюз комитетти