Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кыргыз армиясынын күнүнө карата

2022-жылдын 28-май күнү Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына карата медицина факультетинин экстремалдык медицина жана өмүр коопсуздугу кафедрасында эмгектенген офицерлерди аталган факультеттин деканы, м.и.д, профессор Ыдырысов Исматилла Токтосунович, ОшМУнун кесиптик бирлигинин төрагасы, доцент А.Э.Саттаровтор куттукташты. Кызматкерлерге ардак грамоталар жана профсоюз комитетининин акчалай белектери тапшырылды. Өз кезегинде кафедра башчысы, м.и.к., доцент Чынгызбек Мамажакып уулу жана офицерлер деканатка, профсоюз комитетине ыраазычылык билдиришип, иштерине ийгиликтерди каалашты.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУнун КБКнын башкы адиси А.Айтыкулова