Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Коопсуздук маселеси көңүл борборунда

Ноокен райондук Жарандык коргонуунун 2021-жылга түзүлгөн иш мерчемине ылайык Масы айыл аймагындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы №1 орто мектебинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу кызматтары менен биргеликте тактикалык машыгуу өткөрдү.

Ноокен райондук №55 Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары тарабынан өрт өчүрүү жана авариялык куткаруу иштери көрсөтүлдү.

Иш-чарада мектеп окуучуларына, мугалимдерге өзгөчө кырдаалдар учурунда аракеттенүү, өзүн-өзү алып жүрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

 

Маалыматты даярдаган: Ж.Бөкөнбаев атындагы №1 орто мектебинин КБКнын төрайымы Н.Абдурасулова