Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Көгүлтүр көлдө эс алуу уланууда!

Кереметтүү Ысык-Көлдүн көркүнө толуп, толукшуп турган кези кимдерди гана суктандырбайт. Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун кесиптик бирлик уюмунун мүчөлөрү мына ушундай кереметтен рахаттануу менен күч кубат алып, жайкы эс алууну улантышууда.

“Ала-Тоо” эс алуу үйүнө ЖАМУнун кесиптик бирлик комитетине жолдомо бөлүнүп,  аны сарамжалдуу пайдалануу максатында ар бир агымда үчтөн эс алуучу төрт күндөн эс ала тургандай алты агымга ийкемдүү график түзүлүп, 2022-жылдын 31-июль күнүнөн бери эс алуучулар жолдомо кат менен жиберилүүдө.

Мындай мүмкүнчүлүккө шарт түзгөн КРнын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы А.Т.Токтогуовго, тармактык профсоюздун Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы А.А.Исмаиловго  университеттин кызматкерлеринин  кесиптик бирлигинин мүчөлөрүнүн жана комитеттин төрайымы М.Ш.Маткаримованын атынан терең ыраазычылык билдиребиз. Ары түйшүктүү, ары жоопкерчиликтүү жана эң камкор профсоюздук ишмердүүлүктө эл кызмтын татыктуу аркалай берели. Ишмердүүлүгүбүздү ийгиликтер коштосун!

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун кесиптик бирлик комитети