Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кесиптик бирлик уюмунун өздүк сайты

Аксы районунун Кербен шаарындагы Т.Үмөталиев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде «Кесип бирлик уюмунун өздүк сайты» деген темада райондук деңгээлде семинар презентация болуп өттү. Бул семинарды кесип бирликтин төрайымы Н. Сейдилова жана эмгекти коргоо комиссиясы жана жаштар комитети Базаралы уулу Эрмек алып барышты.

Семинарда кесип бирлигинин ишин алдыга жылдыруу менен документтерди онлайн форматта сактоо максатында атайын интернет сайт түзүлгөнүн көрсөтүп өтүштү. Кесип бирлигинин аткарган иштери документтери  жана жанылыктары сайттын бетине жайгаштырылып турат.Мектеп кесип бирлигинин ар бир мүчөсү сайт  аркылуу маалымат алып турушат.Акыркы интернет заманында маалымат алмашуунун мындай ыңгайлуу жолу менен райондук мектептердин профсоюз жетекчилерине презентация семинар болуп өттү.Семинарга катышкан райондук проф. инспектор Н.Сатылганов жана башка профсоюз жетекчилери жакшы ойлорун билдирип өтүштү.

Биздин өздүк сайттын дареги: http://prof35.edu.kg/

 

Маалыматты даярдаган: Баштапкы КБКнын төрайымы Н.Сейдилова