Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

КЕСИПТИК БИРЛИК МҮЧӨЛӨРҮ ЖАЙКЫ ЭС АЛУУДА

Бишкек шаарынын Свердлов районуна караштуу № 46-мектептин кесиптик бирлик мүчөлөрү Ысык Көл областынын “Тамга” туристикалык базасында эс алышууда. Эс алуучулар бир гана “Тамга” туристикалык базасында эле эс албастан, Жети-Өгүз капчыгайына кызыктуу саякатка барышууда.

Аталган эс алууну талаптагыдай уюштуруп бергени үчүн мугалимдер Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Бишкек шаардык комитетине жана ден соолукту чыңдоо борборунун эмгек жамаатына ТЕРЕҢ ыраазылыктарын билдиришүүдө.

Айрыкча белгилеп айта кетсек, мугалимдердин жайкы эс алуулары Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Бишкек шаардык комитети менен түзүлгөн келишимдин негизинде, “Кызыл Гвоздика” ден соолукту чыңдоо борбору, “Санат”, “Манас-Ата”, “Ден Соолук”, “Август” эс алуу жайлары, “Тамга” санаторийи жана “Тамга” туристикалык база эс алуу жайларында да уланууда.

 

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Бишкек шаардык комитети