Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

КАЗАКСТАНДЫН НАЗАРБАЕВ УНИВЕРСИТЕТИНИН ПРОФЕССОРУ ТАШ-КӨМҮР ШААРЫНДА

2021-жылдын 11-январында Назарбаев университетинин профессору, илимдин доктору Дүйшөн Алиевич Шаматов Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүндө "Окутуунун эффективдүү стратегиясы" темасында семинар-тренинг өткөрдү. Бул иш-чарага ШБББнүн башчысы Н.К.Жоошбаев өзү баштап, мектеп, бала бакчалардын директорлору, окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары, социалдык педагогдор, тарбиячылар жана жаш адистер, шаар аймагындагы башка кесиптик окуу жайлардын адистери катышты. Семинар-тренинг талаштуу талкуулар, кызыктуу суроо-жооптор жана тажрыйба бөлүшүүлөр менен коштолду. Иш-чаранын соңунда Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.К.Жоошбаев, №6 "Наристе" бала бакчасынын директору Г.К.Курманалиевалар сөз сүйлөшүп, Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматовго жалпы катышуучулар атынан ыраазычылык билдиришти.

  Материалды  даярдаган:  Э.Ж.Эгизалиева