Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кароо-сынак жыйынтыкталды

Ноокен районунда “Жылдын мыкты мугалими-2024” сынагынын жыйынтыктыкталды. Анда 11 предметтик мугалим катышып, жыйынтыгында Ж.Турусбеков атындагы №16-жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Акмөөр Исмаилова I орунду ээлеп, жеңүүчү аталды.

Иш чарага Ноокен райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Т.Ишенбеков, орун басары З.Юлдашева, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Олжобаев, Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы К.Нышанов катышты.

Ноокен райондук мамалекеттик администрациясынын башчысы-аким Таалайбек Ишенбеков катышуучуларды куттуктап, мындай сынактар мугалимдерди такшалта турганын айтып, жеңүүчү мугалимге Ысык-Көлгө 10 күндүк эс алууга жолдомо тапшырды.

Ошондой эле II орунду   А.Сатаров атындагы №4 жалпы билим берүүчү орто мектебинин география мугалими Кочкорбай кызы Сонунбү, III орунду Б. Дамашев атындагы №30 жалпы билим берүүчү орто мектебинин химия мугалими Нурзада Бакирова ээлешти.

Жеңүүчүлөргө жана катышуучуларга Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн, Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин дипломдору жана баалуу белектери тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ноокен райондук комитети