Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Караколдогу эмгек майрамы

30-апрель күнү Каракол шаарында 1-май эмгекчилердин Эл аралык майрамын ишембилик менен тосуп алды. Бул жакшы саамалык областтык профсоюздар кеңеши жана билим берүү кызматкерлеринин шаардык профсоюз комитетинин демилгеси менен шаардык мэрия тарабынан колдоо көрсөтүлдү. Профсоюз активдеринин жетекчилиги менен мугалимдер улуу  май майрамын даңазалап “Май! Тынчтык! Эмгек!”, “Күч биримдикте”, “ Татыктуу  эмгекке –татыктуу эмгек акы”, “Сплоченные профсоюзы –крепкое общество”, “Эмгек адамына урмат жана сый” деген чакырыктар-ураандар менен чыгышып элдин назарын өзүнө бурушту. Алгачкы маанисин жоготуп бараткан  бул майрамдын чынында эле  эмгекчилердин Эл аралык тилектештигинин майрамы экендиги баса белгиленип, жалпы эл жапа тырмак шаар ичин тазалыкка келтирүү менен жаш көчөттөрдү отургузушту.

 

Каракол шаардык профсоюз комитети    Касмалиева Ж.У.