Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Информация Жалал-Абадского обкома профсоюза

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин

профсоюзунун Жалал-Абад обкомунун эмгек

адамынын социалдык- экономикалык

кызыкчылыктарын коргоо боюнча 2012- жылда

аткарган иштери жөнүндө жалпы

 маалымат.

2012-жылы  604 уюмдун ичинен 499 профсоюздук  комитет, 105 профсоюздук уюштуруучулар болуп, катарында профсоюздун 20514 мүчөсү учетто турду.

Тармактык профсоюздун мүчөлөрүн социалдык  экономикалык кызыкчылыктарын коргоо үчүн республикада мыйзамдык базалар иштелип чыгып, аткаруу механизмдери көрсөтүлгөн.

Алардын ичинде «Профсоюздар жөнүндөгү»,  «Жамааттык келишимдер жөнүндөгү», «Эмгек мамилелериндеги социалдык өнөктөштүк жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары профсоюздардын турмушунда өзгөчө орунду ээлейт. Аталган мыйзамдардын негизинде облустун бардык деъгээлдеги профсоюздук уюмдарында жамааттык келишимдер жана  макулдашуулар  түзүлүп, иштеп жатат.

Обкомдун 2012-жыл ичинде өткөрүлгөн президиумдарынын кеъейтилген жыйындарында 41 маселе каралып, тиешелүү токтомдор кабыл алынган.

2012-жыл ичинде обком, райшааркомдор жана обкомго түз баш ийген баштапкы уюмдары тарабынан профсоюз мүчөлөрүн окутуу, аларды эл аралык профсоюз уюмдардын тажрыйбалары менен тааныштыруу боюнча бир катар иштер жүргүзүлдү.

2012- жылдын 3-7-августунда «Арстанбап» пансионатында облустун баштапкы профсоюз уюмдарынын 60 жетекчиси катышкан эл аралык семинар ийгиликтүү өткөрүлдү.

Мурдагы семинарлардан айырмаланып,  лекциялар атайын даярдалган лекторлор тарабынан окулду. Активдүү лекторлордун катарына Аксы райкомунун төрагасы А.Бабакуловду, Кара-Көл шааркомунун төрайымы А.Каракозуеваны, Сузак райкомунун төрагасы А.Исмаиловду, обкомдун төрагасы К.Мурзакматовдорду кошууга болот. Мындай практика үстүбүздөгү жылы да улантылат.

Ушул семинарлардын материалдарынын негизинде облустун бардык район шаарларында баштапкы уюмдун жетекчилери үчүн семинарлар уюштурулуп, аларга сертификат алышкан профкомдун жетекчилери лекцияларды окушту.

2012-жылдын 16-октябрында обкомдун 1 Пленуму өткөрүлдү.

Анда «Азыркы шартта социалдык өнөктөштүктү камсыз кылуу аркылуу тармактын кызматкерлеринин укуктарын коргоодо иш берүүчүлөр менен мамилелерди жөнгө салууда Жалал-Абад облусунун профсоюз уюмдарынын милдеттери жөнүндө» БКнын 2-Пленумунун токтомдорун (Чолпон-Ата, 3-сентябрь 2012-жыл) жүзөгө ашыруу» жөнүндөгү маселени карады.

Мындан тышкары обком тарабынан облустук деъгээлдеги семинарларды уюштуруп өткөрүүгө маани  берилүүдө. Аларды өткөрүү менен профсоюз уюмдарында топтолгон алгылыктуу тажрыйбаларды үйрөнүп, иште пайдалануу жагына басым жасалды.

Айрыкча, мурдагы жылдарда «Жылдын мыкты профсоюздук уюму» деген наамга ээ болгондордун иш-тажрыйбалары облустук семинарлар аркылуу жайылтылды. Материалдары жалпыланып, методикалык кабинетке жайгаштырылды.

«2012-жылдын мыкты  социалдык- өнөктөшү» республикалык кароо-сынагынын алкагында «Жобого» ылайык бир катар иштер жүргүзүлдү, ал боюнча маалыматтар билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетине өз убагында жөнөтүлдү.

Облустук профсоюз уюму, райондук, шаардык комитеттер баштапкы уюмдар менен бирге жыл ичинде укук коргоо иштери боюнча бир катар иштерди жүзөгө ашыра алды.

Жыл ичинде 5  жолу пландуу текшерүү өткөрүлүп, аны  менен кошо атуулдардын арыз, даттанууларына да көъүл бурулду.

4 профсоюз мүчөсүнүн эмгек укуктары калыбына келтирилип, 30 дан ашык кайрылууга тиешелүү жооптор өз мөөнөтүндө берилди.

Үстүбүздөгү жылы санаторий, курортторго жана эс алуу үйлөрүнө  жолдомо бөлүнүп, алар муктаждарга «Жобого» ылайык бөлүштүрүлүп берилди. «Жалал-Абад», «Ысык-Ата», «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаторийлеринде  профсоюз мүчөлөрү саламаттыгын чыъдоого мүмкүнчүлүк алышты.

Жолдомолордун аздыгынан улам обком, райондук жана шаардык комитеттер өздөрүнүн ички мүмкүнчүлүктөрүн сарамжалдуу  пайдаланышып, «Жалал-Абад» санаторийи менен түзүлгөн келишимге ылайык облус боюнча курсовка ыкмасы менен профсоюз мүчөлөрүнө дарыланууга шарт түзүп берилди.

Обком, райшааркомдор тарабынан билим берүү уюмдарында профсоюздук бурчтарды, кабинеттерди жабдып жасалгалоо, эс алуу бөлмөлөрүн түзүп, уюштуруу менен билим берүү кызматкерлеринин иштөөсү үчүн шарт түзүүгө алгылыктуу аракеттер жасалды.

Бүгүнкү күнгө карата профсоюздук бурчтарды,  кабинеттерди, эс алуу бөлмөлөрүн түзүүгө жер-жерлерде маани берилди. Алар профсоюз мүчөлөрүнүн жемиштүү иштөөлөрүнө түрткү болууда.

Бул багыттагы иштер мындан ары да улантылат.

2012-жылда Аксы, Кара-Көл, Ноокен, Жалал-Абад, Сузак, райшааркомдору төрагалары (А.Бабакулов, А.Каракозуева, А.Айдаров, З.Тургунбаева, А.Исмаилов), алгылыктуу иш жүргүзүштү.

«2012-жылдын мыкты социалдык-өнөктөшү» кароо-сынагы район, шаарларда облуста өз деъгээлинде өткөрүлдү.

Атап айтканда, обком өзүнүн президиумунда бул маселени карап, «Жобону» бардык уюмдарга жеткирип, облустук турдун жеъүүчүлөрүн аныктоо үчүн обкомдо курамы 5 адамдан турган комиссия түзүлүп, жыл ичинде иш жүргүздү.

Кароо-сынакка даярдыктын жүрүшү жөнүндө аталган комиссия тарабынан маселе даярдалып, 5-ноябрдагы президиумдун жыйынында каралды.

Обкомдун  президиумунун жыйынында кароо-сынактын облустук турунун жыйынтыгы чыгарылып, ага ылайык облустук турга катышкан 6 социалдык –өнөктөштөрдүн эмгеги бааланып биринчи, экинчи, үчүнчү орундар ыйгарылып, алар дипломдор жана акчалай сыйланышты.

Бул иш-чара боюнча профсоюздун Борбордук Комитетине кеъири маалымат берилди. Ал эми райшааркомдордун жетекчилеринин ичинен профсоюздун Таш-Көмүр шааркомунун төрайымы Г.Аджыматова «Жылдын Датка Айымы» Ардак наамы менен сыйланды.

Мындан тышкары профсоюздун Жалал-Абад шааркомунун төрайымы З.Тургунбаева, Кара-Көл шааркомунун төрайымы А.Каракозуева «Профсоюздардын жалпы конфедерациясынын Ардак грамоталары» менен сыйланды.

Обком 2012-жылы жүргүзүлгөн иштерге анализ жасап, 2013-жылга милдеттерди белгиледи.

 

2.  2012-жылдын негизги багыттары жана милдеттери:

-  билим берүү жана илим кызматкерлеринин Борбордук Комитетинин 2-Пленумунун жана обкомдун 1- Пленумунун токтомдоруна ылайык  эмгекчилердин социалдык - укуктук, экономикалык  кызыкчылыктарын чечүүдө профсоюздун ролун жана кадыр-баркын көтөрүү боюнча иштерди улантуу, профсоюз мүчөлөрүнүн катарын өстүрүү боюнча ырааттуу иштерди жүргүзүү.

-   профсоюз кызматкерлерин жана активисттерин окутууну өркүндөтүү, профсоюздар жөнүндөгү мыйзамды, билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Уставын, эмгек жана социалдык пособиелер боюнча мыйзам актыларын үйрөнүүнү улантуу, аларды туура пайдаланууга көмөк көрсөтүү;

-   социалдык-өнөктөштүк боюнча алдыъкы тажрыйбаларды жалпылап, баштапкы уюмдарга жайылтууну улантуу.

-   бардык деъгээлдеги профсоюз уюмдарында маалыматтык камсыздоону ишке ашыруу.

-   тарификациялык тизмелерди туура  жүргүзүүнү, эмгекке акы төлөөнүн жаъы шарттарын  аткарылышына көзөмөл уюштуруу.

-   Борбордук Комитет тарабынан иштелип чыккан эрежелерге ылайык билим берүү мекемелеринде эмгекти коргоону, техникалык коопсуздукту  сактоо боюнча талапты күчөтүү.

-   жумушчу орундарын аттестациялоо, окуу кабинеттерин, устаканаларды атайын кийимдер, жекече коргонуу каражаттары менен камсыздоого аракеттерди көрүү жана көзөмөлдү уюштуруу

-   3 тараптуу макулдашууларды, жамааттык келишимдерди сапаттуу түзүүгө жана алардын аткарылышын көзөмөлдөөнү өркүндөтүү, (Бул маселе боюнча БКнын (01-5/216   29.12.2011-ж) катын аткарууга негизги көъүлдү буруу).

-   курортторго, санаторийлерге, пансионаттарга, дем алуу үйлөрүнө, ден соолукту чыъдоочу борборлорго берилүүчү жолдомолордун даректүү жана максаттуу пайдаланалышын көзөмөлдөө, ал үчүн баштапкы документтерин так жүргүзүүгө жетишүү