Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ийгиликтерди бекемдейбиз

        Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун  Жалал – Абад облустук комитети 1991-жылдан баштап уюшулуп, өзүнүн ишмердүүлүгүн тармакта жүргүзүп келүүдө.

       Профсоюздун Жалал-Абад облустук комитети өзүнүн жер-жерлердеги уюмдары менен бирдикте  билим берүү жана илим кызматкерлеринин социалдык-экономикалык, укуктук кызыкчылыктарын коргоо боюнча бир катар алгылыктуу иштерди жүзөгө ашырууда.

       Профсоюздун облустук комитетинин курамында 13 райондук, шаардык комитет, 1 жогорку окуу жайынын, Кыргыз Улуттук илимдер Академиясынын жаъгакчылык жана  мөмөчүлүк институтунун, облустук усулдук борбордун, облустук мектеп-интернатынын профсоюздук комитеттери иш жүргүзөт.

 

       Облустагы бардык уюмдарда келишимдер жана макулдашуулар түзүлүп, билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин көрсөтмөсүнө жана Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 50-статьясына ылайык облустук, райондук жана шаардык деӊгээлде каттоодон өткөрүлүп, иш жүргүзүлүүдө.

        Обкомдун аракети менен жер-жерлерде өткөрүлгөн мониторингдин жыйынтыктары көрсөткөндөй,  Аксы, Жалал-Абад, Ноокен, Сузак, Кара-Кёл, Ала-Бука райшааркомдорунда (төрагалары А.Бабакулов, З.Тургунбаева, А.Айдаров, А.Исмаилов, А.Каракозуева, Ж.Дурусалиев) алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жатат.

        Облустун профсоюздук уюмдары тарабынан акыркы жылдары түзүлгөн келишим жана макулдашуулардын мазмунуна өзгөчө көңүл бурулуп, изденүү, инновациялык формаларын өркүндөтүүгө ички мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга басым жасалууда.

 

       Жамааттык келишимдерди жана макулдашууларды түзүү иштетүү маселесинде облустун тейлөөсүндө турган профсоюз уюмдарында колго киргизилген бир катар ийгиликтер да жок эмес. Алардын айрымдарын белгилеп коюу да туура болот.

       Айыл округдары мектеп дирекциялары, профсоюздук уюмдардын ортосунда түзүлгөн макулдашууларга ылайык профсоюздун Токтогул райкомунда (төрагасы Т.Исраилов) турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин сурап, арыз менен кайрылган билим берүү кызматкерлеринин суроо-талаптары аткарылууда. Бул райондо 2013-2014-жылдарда эле 39 мугалимге жер тилкелери бөлүнүп берилген.

        Мындай алгылыктуу иштер райондун Жаӊы-Жол, Торкент айылдык округдарында жакшы жолго коюлган.

       Жаӊы-Жол айыл округунда  мугалимдерге жерлерди ижарага берүү акысыз жүргүзүлсө, ал эми Торкент айыл округунда мыкты иштеген мугалимдерди материалдык жана моралдык жактан сыйлоо иштери колго алынган.

        Профсоюздун Аксы райкомунда (төрагасы А.Бабакулов) жыл ичинде  бир катар иштер жүргүзүлдү.

        Билим берүү кызматкерлеринин социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүү боюнча иштиктүү аракеттер көрүлүүдө.

         Акыркы эки жыл ичинде  12 мугалимге турак-жай куруу үчүн чек бөлүнүп берилген.

         Райком тарабынан баштапкы профсоюздук уюмдарга методикалык китепчелер даярдалып жеткирилген, ай сайын үйрөтүү мүнөзүндөгү семинарлар уюштурулуп, жаӊыдан иш баштагандарга жол көрсөтүлүүдө.

         Ошону менен бирге райондун «Yч-Коргон» айыл окуругундагы Н.Мешков, Токтогул, Кызыл-Жар орто мектептеринде мугалимдердин көйгөйлөрү оң жагына чечилип жатканын белгилеп коюбуз керек.

          Обком жана Аксы райкомунун күчү менен «Социалдык өнөктөштүк–ийгиликтин өбөлгөсү» деген семинар Yч-Коргон айыл округу, мектеп дирекциясы, профсоюздук  уюмдун ортосунда макулдашууну түзүү  иштин инновациялык формаларын табуу, өнөктөштөр менен социалдык диалог жүргүзүүнүн жолдоруна арналды.

     Макулдашуунун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Щч-Коргон айылдык округунун башчысынын орунбасары К.Сакиевдин, мектеп директору С.Камчыбековдун, профкомдун төрайымы С.Атамкуловалардын билдирүүлөрү угулду. Анын негизинде эркин микрофон уюштурулуп, кеңири ой-пикирлер ортого салынды.

       Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Кара-Көл шаардык комитети (төрайымы А.Каракозуева) тарабынан каралып жаткан маселе боюнча бир катар алгылыктуу иштер аткарылууда.

       Атап көрсөтө турган болсок, Кара-Көл шаардык мэриясынын (мэр М.Койчуев), шаардык билим берүү бөлүмүнүн (башчысы Д.Кожошова) профсоюздун шаардык комитетинин (төрайымы А.Каракозуева) ортосунда 3 тараптуу макулдашуу түзүлгөн.

       Шаардагы бардык билим берщщ уюмдары менен профсоюздун комитеттердин ортосунда келишимдер түзүлүп, тармакта иштегендердин социалдык-экономикалык маселелерин чечүү боюнча иштер ырааттуу жүргүзүлүүдө.

      2014-жылда гана шаардык кеъештин депутаттарынын жардамы менен мэриянын бюджетинен 1млн 206 миң сом коммуналдык тейлөө маселелерин чечүү үчүн бөлүнүп берилген. Бул натыйжага тараптардын жигердүү аракети менен гана жетишип отурушат.

       Мындан тышкары 2012-2014-жылдар ичинде 3 мугалимге турак жай куруу үчүн 1 чек, 2012-2014-жылдар ичинде 6 мугалимге квартира бөлүнүп берилген.

       Шаардагы №1 Токтогул, №2 Ч.Түлөбердиев, №5 К.Хуриев атындагы орто мектептердин директорлору менен профсоюздук уюмдардын жетекчилери келишимдердин негизинде жакшы иштерди жүргүзүп жатышат.

     Ал эми Сузак районунда (райкомдун төрагасы А.Исмаилов) Кара-Дарыя, Ырыс, Барпы айыл округдарында социалдык өнөктёштүк маселелерине өзгөчө көнүл бурулуп, билим берүү жана профсоюз уюмдары менен алака-мамиле өркүндөтүлүп, жаӊы деӊгээлге көтөрүлгөн.

     Бул райондо акыркы 3 жыл ичинде 73 мугалимге турак жай куруу үчүн чектер бөлүнүп берилген.

   Ушундай эле жакшы иштер Ноокен районунда (райкомдун төрагасы А.Айдаров) жүргүзүлүүдө.

     Yч тараптуу макулдашуулардын шарттарына ылайык райондук Кочкор-Ата шаарында 333 билим берүү кызматкерине  жылына 2400 сомдон коммуналдык чыгымдарга  каражат бөлүнсө, райондогу айыл округдары тарабынан 2012-2014-жылдарда 76 мугалимге чек ажыратылып берилип, турак жай көйгөйү аз-аздан болсо да чечилүүдө.

     Yч тараптуу макулдашуулардын алкагында  райондогу «Достук», «Бүргөндү», «Арал» айылдык окуругдарында жана Кочкор-Ата шаардык мэриясында, №6 «Жылдыз» балдар бакчасында, №7 Төрөгелдиев, №34 «Жазгак», №8 Орозматов атындагы орто мектептерде бир топ маселелер алгылыктуу чечилүүдө.

     Атап айтканда, Бщргөндщ айыл округу (башчысы Э.Маматаев) мектептерге жана бала бакчаларга 2013-2014-жылда гана  материалдык базаны чыъдоо үчүн 2 млн. 201миң сом  каражат ажыратса, педагогикалык кызматкерлерге жана билим берүү мекемелерине социалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн 1млн 513 миң сом бөлүп берген. Ал эми жергиликтүү бюджеттен билим берүү тармагына бөлүнгөн финансылык  колдоолор 4млн 468 миң сомду түзгөн.

     Ушундай эле алгылыктуу иштер Жалал-Абад шаардык мэриясы, шаардык билим берүү башкармасы, профсоюздун шаардык комитетинин ортосунда түзүлгөн үч тараптуу макулдашуунун алкагында ийкемдүү чечилүүдө. Шаарда турак-жай куруу үчүн жердин тартыштыгына карабастан 2013-жылы 3 мугалимге чек бөлүнгөн.

     Ишкерлер менен жүргүзүлгөн иштиктүү сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында 2012-жылы «Келечек» ачык акционердик коому (башкы директору К.Туманов)   40 орундуу жатаканасын убактылуу пайдаланууга берсе, 2013-жыл мэрия тарабынан 1 мугалимге 2 бөлмөлүү кызматтык үй бөлүнгөн.

    Макулдашуунун шартына ылайык ар бир мугалимге 2012-жылдан баштап жылына 2400 сомдон коммуналдык чыгымдар щчщн төлөмдөр каралса, мугалимдердин кесиптик майрамынын урматына жылына бир жолу 2000 сомдон материалдык колдоо иретинде жардам көрсөтүлүп, бул максатка, жыл сайын 4млн сом акча каражаты ажыратылууда.

     Жалал-Абад шаарында (шааркомдун төрайымы З.Тургунбаева) айыл жеринде  жайланышкан №10, №11, №12, №18 мектептеринде иштешкен мугалимдердин райондордо төлөнүп жаткан 1000 сом өлчөмүндөгү кошумча төлөмдөрдү алар үчүн дагы төлөп берүү талаптары ишке ашырылды.

     Шаардык билим берүү башкармасы, профсоюздун шаардык комитети, шаардык мэрия, профсоюздун мугалимдердин айлык акыларын кошумча төлөмдөрдү туура жүргүзүү маселе  оң чечилип, 2011-2012-2013- жылдар үчүн №10 мектеп-гимназиясынын мугалимдерине 1млн 904 миң, 323 сом, №11 орто мектепке 938миъ 082 сом, №12 негизги мектебине 371 миң 544 сом. №18 орто мектебине 534 миң 907 сом, үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен, жалпысынан 3 млн 748 миң 856 сом төлөнүп берилди.

 

       Жамааттык келишимдерди жана макулдашууларды түзүү, алардын аткарылышы менен билим берүү кызматкерлеринин социалдык-экономикалык маселелерин чечүүгө облустагы баштапкы уюмдардан тартып, райондук, шаардык комитеттер менен обкомго чейинки деъгээлде өзгөчө көӊүл бурулуп келет.

       Өткөн жылда эле билим берүү кызматкерлеринин социалдык-экономикалык маселелерин чечүүдө изденүү жана иштин инновациялык формаларын  өркүндөтүү максатында райондук билим берүү бөлүмдөрүндө жаңыдан уюштурулган борборлоштурулган бухгалтериялардын иштерин туура уюштуруу максатында  Кара-Көл, Ала-Бука, Аксы, Ноокен, Сузак, Тогуз-Торо райондорунун базаларында аймактык окутуу семинарлары өткөрүлдү.

       Семинарларда макулдашууларды түзүүнүн, акы төлөнүн жаңыча шарттары, аткаруу механизмдери, аткаруучу тараптардын укуктары, ошол эле мезгилде, алардын жоопкерчилигин көтөрүүнүн жолдору жөнүндө кеңири сөз кылынып, омоктуу ойлор ортого салынды.

       Семинарларга өнөктөштөр катарында райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары  профсоюздардын жетекчилери, айыл округдарынын башчылары, райондук, шаардык администрациялардын башчыларынын  орунбасарлары катыштырылып, макулдашууларды түзүүнүн принциптери, талаптары аларды аткаруунун инновациялык механизмдери, кызыктырган максатары боюнча ар тараптуу түшүнүктөр берилди. Учурда өткөрүлгөн семинарлар өз үзүрүн берүүдө.

        Обкомдун иш-чараларынын негизинде 35 жашка чейинки профсоюздук ишке жаӊыдан киришкен жаш лидерлер үчүн июль айында 2 күндүк атайын семинар өткөрүлүп, ага 35 профсоюздук лидер тартылып, аларга иштин алгачкы багыттары жөнүндө ар тараптуу түшүнүктөр берилди.

        Лекциялар тажрыйбалуу профсоюздук лидерлер тарабынан окулуп, профсоюздун Борбордук Комитетинин адисинин көмөгүнөн да пайдаланылды. Мындай семинарлар ырааттуулук менен улантылмакчы.

        2014-жылдын жыйынтыгына арналган көргөзөлүү семинар Ноокен районунда (төрагасы А.Айдаров) ийгиликтүү өтөрүлдү. Бул семинар жөнүндө сайтка кеңири материал берилген.

        2014-жылдын жайкы эс алуу үнөктүгүнү жыйынтыктары боюнча айтсак, облус боюнча профсоюздук бюджеттин эсебинен  мугалимдер курорт, санаторий, эс алуу үйлөрүндө жолдомо менен эс алышып, ден соолугун чыъдашты, 7-14 жаштагы мектеп (мугалимдердин) балдарынан 669 окуучу балдардын ден соолуктарды чыңдоо борборлорунда каникулдарын максаттуу өткөрүштү.

       646 мугалим профсоюздун каражаты менен Ысык-Көлдө кыска мөөнөттүү эс алышты.

    Жыйынтыктап айтканда, облуста жалпысынан 10648 билим берүү кызматкерлери эс алууга, түрдүү жүрүштөргө жана башка иш-чараларга катышышты.

        Обкомдун президиуму тарабынан бекитилген графикке ылайык профсоюздун Чаткал, Кара-Көл, Көк-Жаңгак райондук жана шаардык комитеттеринде               2014-жылдын сентябрь, октябрь айларында жетекчилердин ыйгарым укуктуу мөөнөтөрү аяктагандыгына байланыштуу отчеттук-шайлоо конференциялары өткөрүлдү.

        Отчеттук мезгилдин ичинде  комитеттердин жүргүзгөн иштери «канааттандырарлык» деп табылгандыгына байланыштуу профсоюздун Чаткал райондук комитетине А.Батырбеков, профсоюздун Кара-Көл шаардык комитетине А.Каракозуева, профсоюздун Көк-Жаңгак шаардык комитетине Г.Юскаевалар экинчи мөөнөткө шайланды.

        Конференциялардын жүрүшүндө делегаттар тарабынан айтылган сунуш-пикирлер боюнча райшааркомдор жана обком тарабынан иш чаралар түзүлүп, жыйынтыгы президиумда каралды.

        2014 - 2015 - окуу жылында облуста 469 мектеп иштеп жатат. Аларда 202 797 окуучуга 14685 мугалим  билим, тарбия берүүдө. Алардын ичинен 37 мугалим «Кыргыз Республикасынын эмгек сиъирген мугалими» деген ардактуу наамдын ээси болсо, 2699 мугалим «Билим берүүнщн мыктысы» деген төш белгиси менен сыйланган, 312 жаш адис жаңыдан ишке киришкен.

        Обком, райшааркомдор, баштапкы уюмдардын жетекчилери  тарабынан  мугалимдердин социалдык-экономикалык, укуктук кызыкчылыктарын чечүү үчүн өнөктөштөр менен социалдык диалог жүргүзүүнүн жаңы жолдорун издеп таап, макулдашууларды түзүүдө инновациялык формаларды ишке киргизүү аркылуу түпкү натыйжага жетишүүнү көздөп иштешүүдө.

       «2014-жыл-жаштар жана профсоюздардын ишмердщщлщгщндёгщ инновациялар жылы» республикалык кароо-конкурсунун облустук турунда жеъщщчщ деп Ноокен районундагы №34 «Жазгак» орто мектебинин профсоюздук уюмунун тёрайымы Халматова Майрам Тойчубаевна,  Ала-Бука районундагы А.Жорокулов атындагы балдар бакчасынын профсоюз уюмунун тёрайымы Осмонова Айкөкүл Макамбаевна, Жалал-Абад шаарындагы №14 мектеп лицейинин профсоюздук уюмуна тёрайымы Алимбекова Гщлщмкан биринчи орунга ээ болушту.

      2-орун Ала-Бука районундагы Тураббаев атындагы орто мектептин профкомунун тёрайымы Баратова Зумрадга, 3-орун Сузак районундагы №90 Манас орто мектебинин профсоюз уюмунун тёрайымы А.Боркошова ыйгарылды.

      Базар-Коргон районундагы №6 Б.Осмонов атындагы орто мектептин профсоюз уюмунун тёрайымы М.Асанованын, Аксы районундагы А.Кулубаев атындагы негизги мектептин профсоюздун уюмунун төрайымы Н.Кыргызованын активдщщ катышкандыктары белгиленди.

     Конкурстун жеңүүчүлөрүнө дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

      Өткөн жыл ичинде обкомдун пландуу түрдө 3 пленуму өткөрүлүп, анда «Билим берщщ тармагында эмгектенгендердин жана студент жаштардын социалдык-экономикалык, эмгектик укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, инновациялык усулдарды колдонуу жана БКынын IV пленумунун  (Ош шаары 18.09.2014) токтомдорун турмушка ашырууда облустун бардык  деъгээлдеги профсоюз уюмдарынын милдеттери жөнүндөгү маселе» каралды. Кабыл алынган токтомдор боюнча бардык деңгээлде иштер жүргүзүлүүдө.

         2014-жылда обкомдун 5 президиуму өткөрүлүп, 37 маселе каралып, тиешелүү токтомдор кабыл алынып, аткарылуучуларга жеткирилип, көзөмөл иштери жүргүзүлүүдө.

         Обком жана тейлөөсүндө турган уюмдар өткөн жылдагы ийгиликтерди бекемдеп, билим берүү жана илим кызматкерлеринин, студент жаштардын социалдык-экономикалык, укуктук кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштерди ырааттуу уланта беришмекчи.

 

А.Бегматов - профсоюздун Жалал-Абад                                                                    обкомунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы,                                                                   «Кыргызстан Профсоюздарына сиңирген эмгеги үчүн»                                                       Ардактуу төш белгисинин  ээси.