Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Финансы-юридикалык колледжи архитектуралык жактан кооз имаратка ээ болду

Ош мамлекеттик университетинде бир топ жанылануу, окуу имараттарын, жатаканаларын модернизациялоо иштери менен биргеликте ири курулуштар жүрүп, айрымдары колдонууга берилип, айрымдарынун курулуш тиштери аяктап жаткан учуру. Мындай демилгелердин алкагында 28-октябрь күнү Ош мамлекеттик университетинин Финансы-юридикалык колледжинин жаңы окуу корпусунун ачылыш аземи болуп өттү. Салтанатка окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы, студенттери катышышты.

1200 м2 аянтты түзгөн финансы-юридикалык колледжинин 3-кабатынын курулуш иши ушул жылдын июль айында башталып заманбап талаптарга негизделип курулган. Жети адистик боюнча билим алып жатышкан колледждин 2000ден ашуун студенттеринин билим алуусуна учурда толук шарттар жаралып, имарат тиешелүү эмеректер менен жабдылган 22 аудиторияга кеңейтилди.

“Жаңы окуу жылын чоң максат, тилек, үмүттөр менен баштап учурда университеттин инфрастуктурасын кеңейтүү максатында бир топ курулуштарыбыз жүрүп жатат. Бүгүн кызыл тасмасы кесилип жаткан окуу корпусунун үчүнчү кабатын көтөрүп, архитектуралык жактан кооз, студенттердин билим алуусуна ыңгайлуу болгон имаратты куруп, пайдаланууга берип жатабыз. Мындан ары да бул иш аракеттерибиз уланат, колледждин айланасында спорттук базаларды куруу, жаңы инновациялык техникалар менен камсыздоону улантабыз. Биздин негизги максатыбыз, студенттердин сапаттуу билим алуусуна, окутуучуларыбыздын сапаттуу билим берүүсүнө шарт жаратуу болуп саналат. Бул саамалыктар жалпы жамааттын ийгилиги, жаңы окуу корпусу менен биргеликте жаңы ийгиликтер коштосун”, -деди ошМУнун ректору, профессор К.А.Исаков. Жаңы окуу имараты менен таанышкан профессордук-окутуучулук курам жакшы тилектерин айтып бата беришти.

Салтанат таланттуу студенттердин концерттик программасы менен коштолду. Белгилей кетсек, 9-11-класстын базасында 2000ден ашуун студенттерге билим берип жаткан колледжди п.и.к., доцент Т.А. Акматова жетектеп келет.