Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Эс алуу менен коштолгон окуу

Кесиптик бирликтин активин окутуу – кесиптик бирликтин ишинин сапатынын өбөлгөсү”

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад шаардык комитетинин демилгеси менен шаардагы 120 кесиптик бирлик мүчөсү Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көл областынын Чолпон-Ата шаарындагы “Ала-Тоо” эс алуу үйүндө эс алуу менен бирге семинарга катышып келишти.

Эс алуу учурунда Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун жарлыгы талкууланып, техникалык коопсуздук жана укук маселелери боюнча мугалимдерге терең маалымат жеткирилди.
Андан сырткары Ч.Айтматов атынданы “Рух Ордо” маданий комплексине, ат майданга эскурсиялар уюштурулду.

Жалал-Абад шаардык комитетинин 2022-жылдын 1-июнундагы президиумунун жайкы эс алуу жөнүндөгү токтомун турмушка ашыруу максатында ар бир баштапкы кесиптик бирлик уюму тарабынан иш-чаралар түзүлүп Кыргызстандын кооз, кереметтүү жана касиеттүү жерлерине барып эс алып кайтышууда.

Эс алуучулардын баары ыраазычылыгын айтып, кесиптик бирликтин ишине ийгилик каалашты.

 

Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад шаардык КБКнын төрагасы М.Мамасыдыков