Эмгекти коргоого арналган семинар
2024-жылдын 30-апрелынде Жалал-Абад областынын Шамалдуу-Сай шаарчасындагы №2 орто мектебинде 28-апрель Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө карата “Кесиптик бирликтин Уставтык талаптарын ишке ашыруу боюнча милдеттер” темасында областтык окутуу семинары болуп өттү.
Семинарга Областтык Профсоюздар Кеңешинин эмгекти коргоо боюнча башкы техникалык инспектору А.Мамажунусов, областтык комитеттин жооптуу кызматкерлери, райшаардык комитеттердин төрагалары, эмгекти коргоо инспекторлору, кесиптик бирлик уюмдарынын казыначылары катышты. Семинарды областтык комитеттин инспектору А.Айдаров ачып, катышуучуларды “28-апрель - Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнү” менен куттуктады жана семинардын программасы менен тааныштырды.
Алгач сөз областтык Профсоюздар Кеңешиин башкы техникалык инспектору А.Мамажунусов берилди. Ал “28-апрель - Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнүн” майрамынын тарыхы, анын мазмуну тууралуу айтып, областта эмгекти коргоо иштерин уюштуруу боюнча кеңири маалымат берди. Катышуучулардын суроолоруна ынанымдуу жоопторду узатты. Анан семинар 2-тайпага бөлүнүп улантылды.
1-тайпада обкомдун инспектору А.Айдаров Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин президиумунун 29-апрелдеги токтом менен тааныштырып, “Эмгекти коргоонун бир алыгы 28-апрелден 28-майга чейин” жарыяланганы, анда өткөрүүгө сунушталган иш-чаралар тууралуу маалымат берди.
Катышуучулар тайпаларга бөлүнүп иштөө менен эмгекти коргоо боюнча ПОТ№1, Ф19-ТИ, Ф№3 отчетторду түзүү тууралуу практыкалык иш болуп, Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы Мамасыдыков жыйынтыктады.
2-тайпада областтык комитеттин финансы бөлүмүнүн башчысы З. Сулайманов кесиптик бирлик уюмдарында финансалык ишти уюштуруу жөнүндө маалымат берди. Казыначылар өз тажрыйбалары менен ой-пикирлерин бөлүштү. Кызуу талкуулар болуп, берилген суроолорго нормативдик документтердин негизинде жооптор берилди.
Маалыматты даярдаган: А.Айдаров, кесиптик бирликтин Жалал-Абад областтык комитетинин инспектору