Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Эмгектери сыйга арзыды

Аксы районуна караштуу Н.И.Мешков атындагы №34 жалпы билим берүү орто мектебинде Мугалимдер күнүнө карата тарбиялык сааттар, адабий музыкалык кече, конкурстар болуп өттү. Мектептин жамааты ардагер мугалимдерди чакырып сый көрсөтүштү. Мектептин китепканасында 25 жыл иштеп ардактуу эс алууга чыккан  Ташибаева Маалимкан эжеге белек берилди. Ошондой эле кутман курак 50 жашка чыккан башталгыч класстын мугалими Бутабекова Гүлсара, ашпозчу Кулжанова Замираны куттуктап, белектер берилди. Үзүрлүү эмгектенип келе жаткан Жумабаева Шарипага “Эл агартунун отличниги” төш белгиси, Айтакунова Сагынбу, Аспердиева Гулзат КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамоталары менен сыйланышты.

 

Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад областтык КБКнын төрагасы А.Исмаилов