Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Эмгек кодексинин негизинде мыйзамдуулукту сактоо жөнүндө

Жалал-Абад областына караштуу Сузак районунда 2022-жылдын 11-январында мектеп директорлорунун январь секциялык иштери өткөрүлдү. Бул секцияда Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сузак райондук комитетинин төрагасы А.Ж.Орозалиев Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинини негизинде мыйзамдуулукту сактоо жөнүндө кеңири баяндама жасады. Баяндамада эмгек келишими, сыноо мөөнөтү менен ишке кабыл алуу, эмгек китепчеси, эки тараптуу жамааттык келишимдер, үч тараптуу маакулдашуулар, эмгекти коргоо, тартиптик чара колдонуу маселелери боюнча кеңири түшүндүрмө берди.

 

Маалыматты даярдаган: Сузак райондук КБКнын адиси М.Примкулов