Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Эмгек акынын жогорулашы жакшы иштөөгө дем берет

2022-жылдын 1-апрелинен тартып билим берүү тармагынын кызматкерлеринин эмгек акысынын жогорулашы аларга жакшы дем болду. Айлык акылар 80%га чейин көтөрүлүп, билим берүү тармагынын кызматкерлерин өтө кубантты. Эмгек акылардын кесикин жогорулашы тарыхта биринчи жолу мугалимдердин эмгек акыларын жогорулатканы үчүн алар өлкө башчыларына, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри А.Бейшеналиевге Базар-Коргон районундагы билим берүү тармагынын кызматкерлери ыраазычылыктарын билдиришүүдө. “Мыкты мугалим” кароо-сынагынын жеңүүчүсү №7 М. Мамбеталиев атындагы гимназия мектебинин мугалими  А.Салимбаева жана “мыкты тарбиячы” кароо сынагынын жеңүүчүсү №33 Айшоола балдар бакчасынын тарбиячысы А.Жаркынбаева жана башкалар эмгек акылардын көтөрүлүшү мугалимдин ишмердүүлүгүнө стимул болуп, алдыңкы жетишкендиктерге дем болорун айтышты. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри   А.Бейшеналиевге жана Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы А.Т.Токтогуловго ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Базар-Коргон райондук КБКнын адиси К.Асыранкулов