Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Эл аралык гүл фестивалы

Ош технологиялык университетинде көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенип, өмүрүн, тажрыйбасын окуу жайга арнап келе жаткан кызматкерлери 2024-жылдын 19-май күнү Өзбекстан Республикасынын Наманган облусунда өткөн Эл аралык гүл фестивалына катышып келишти.

Фестивалдын расмий ачылуу аземине 40тан ашуун өлкөлөрдөн келген гүл сүйүүчүлөр катышты. Мында 200дөн ашуун гүл менен кооздолгон автоунаалар парады өтүп, Наманган шаары, “Захириддин Мухаммад Бабур” жана “Афсона” бактарына 45 млн түп гүл көчөттөрү эгилди. Салтанат концерттик программа, оюн-зоок жана жарманкелер менен коштолду.

Фестивалга ОшТУ профсоюз комитетинин төрайымы Багдагул Эргешовнанын жетекчилигин астында ОшТУ 52 кызматкери жөнөтүлүп, кызматкерлердин жол акысы жана тамак ашы ОшТУ кесиптик бирлик комитети  тарабынан каржыланды.

 

Маалыматты даярдаган: ОшТУнун кесиптик бирлик комитети