Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Эң мыкты мугалимдер

Чаткал райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы мектептердин мугалимдери арасында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы №156 жарлыгынын жана КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы №703 токтомунун негизинде “Билим берүү жөнүндө”, “Мугалимдердин статусу жөнүндө” Мыйзамдарды ишке ашыруу максатында, “Жылдын мыкты мугалими-2024” кароо-сынагы өткөрүлдү.

 

 

Баш байге – Ю.А.Гагарин атындагы ЖОББМ башталгыч класстар мугалими Чынасова Аида Салибаевна,

1-орунга – С.Баймырзаев атындагы ЖОББМ башталгыч класстар мугалими Акматова Махабат Исраиловна,

2-орунга – С.Байдөөлөтов атындагы инновациялык ЖОББМ кыргыз тили жана адабияты мугалими Сатылганова Жеңишбүбү Анарбековна,

3-орунга – Исмаил уулу Матиш атындагы ЖОББМ химия мугалими Тургунбаева Зуура Манасбековна ээ болушту.

Жеңүүчүлөргө Чаткал райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан дипломдор жана акчалай сыйлыктар берилди.

 

Маалыматты даярдаган: А. Айдаров, Жалал-Абад областтык кесиптик бирлик комитетинин инспектору