Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Дени сак жашоо мүнөзү-2022» спартакиадасы

Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети, билим, илим кызматкерлеринин арасында, спорттун 6 түрү боюнча Ош технологиялык  университетинин спорттук базасында райшаар, окуу жайлардын кызматкерлеринин катышуусунда «Дени сак жашоо мүнөзү-2022»  аталышындагы спартакиаданы жогорку уюшкандыкта өткөрдү. Спартакиадага жалпы 510 кызматкерлер катышышты. Иш-чаранын ачылыш аземинде, Областтык кесиптик бирлик комитетинин төрагасы С.Тойгонбаев кызматкерлерди спорттук майрамы менен куттуктап, спартакиаданы ачык деп жарыялады.

Окуу жайдын ректорунун милдетин аткаруучу профессор М.Сагыналиев, Өзгөн РПКнын төрагасы И.Мырзамидиновдор ийгиликтерди каалап, кутуктоо сөздөрүн айтышты.  Спартакиаданын  жүрүшүндө спорттун ар бир түрү боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, I-II-III даражадагы дипломдоруна ээ болушуп, акчалай сыйлыктар ыйгарылды. Анын негизинде  командалык жалпы орундарга төмөндөгүлөр: I орун ОшМУ, II орун ОшТУ, III орун Өзгөн району ээ болушуп I-II-III даражадагы дипломдор, акчалай сыйлыктар жана жеңүүчү болуп табылган ОшМУнун командасына  кубок тапшырылды. Спартакиаданын жабуу аземине Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү З.И.Жамалдинов катышып, өзүнүн жылуу сөздөрүн айтып, сыйлыктарды тапшырып, кызматкерлерибиздин демдерине дем кошуп, шыктандырды.

 

Маалыматты даярдаган: Ош областтык кесиптик бирлик комитети